Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор Дүйшөмбү шаарында жолукту.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Ал 21-26-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында болгонун Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлуп, кийинки отурумду Кыргызстандын аймагында өткөрүү макулдашылды. Жумушчу топтордун акыркы жолугушуусу 25-30-майда Бишкекте өткөн.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Чек ара тактала элек аймактарда утур-утур чыр чыгып, курал колдонулган окуялар болуп турат. (BTo)

Дагы караңыз

Милиция Бишкекте уурдалды делген кызды издеп жататЖРТдан 57 окуучу эң жогорку балл алдыИран "Зулжана" ракета ташуучусун экинчи жолу сынадыЖорж Оруэллдин “1984” романы кыргыз тилине которулдуМасадыков Иран президентинин Ооганстан боюнча өкүлү менен жолуктуБУУ: Ооганстандагы жер титирөө 155 баланын өмүрүн алды