Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек милицияда сурак берүүдө

Адилет Балтабай.

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү болгон блогер, жарандык активист Адилет Али Мыктыбек милицияга сурак берип жатат. Бул маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн ырастап, суракка алынып келинишинин себеби кийинчерээк айтыларын белгилешти.

Адилет Али Мыктыбек Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында күбө катары 11-апрелде сурак берип чыккан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык баш аламандыктар") менен козголгон кылмыш иши боюнча суралганын айтууда. Суракта ага Next TV телеканалы боюнча да суроолор берилгенин билдирген. Ал өзү муну оппозициялык маанайдагы активдүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт.

Адилет Али Мыктыбек Бишкектеги ар кандай нааразылык акцияларды, митингдерди социалдык тармактарда түз эфир аркылуу чагылдырып жүрөт.

Дагы караңыз

Президент саясатчыларды негизсиз сындабоого чакырдыСадыр Жапаров мүлктү легалдаштыруу мыйзамында жеке кызыкчылыгы жок экенин айттыМугалимди сабады деп шектелген беш окуучу аныкталдыКыргызстанда Курман айт 9-июлда белгиленет