Бишкек мэриясы аш-тойду чектеген жобонун долбоорун талкууга койду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясы аш-тойду, мааракелерди өткөрүүнү чектеген жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда төмөнкүдөй талаптарды киргизүү сунушталган:

  • Үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө бир күн берилет жана чакырылгандардын саны 250гө чейин гана болушу керек. Үлпөт кортежине төрт машинеге чейин уруксат жана бир бодо мал же үч майда жандык сойсо болот.
  • Үй-бүлөлүк салтанаттар, мааракелер кечки саат 12ге чейин аяктап, коноктордун саны 200дөн ашпашы зарыл.
  • Тажыяга үч күн берилет, келгендердин саны чектелбейт. Бодо мал сойбоо, тасмал жайып, келгендерге баштык-үштүк бербөө, кийит кийгизбөө сунушталат.
  • Куран окутууга 300дөн ашык адам чакырууга болбойт, бир бодо мал (жылкы) же үч кой союуга уруксат.
  • Шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге аш-той өткөргөндө бодо мал союуга, көп каражат жумшоого болбойт.

Мэрия мындай чаралар президенттин аш-тойду чектеген жарлыгына ылайык көрүлүп жатканы белгилеген.

Ушул жылдын башында Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Анда президент "колунда жок үй-бүлөлөр колунда барларга атаандашып (куру намыска алдырып), саап ичип олтурган жалгыз уюн союп жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок олтуруп калган учурлар четинен кездешет. Ооба, бул жарлыкка каршы чыккандар дагы болду. Бирок мындай жарандарыбыз азчылыкты гана түзөрүнө ишенем. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек",-деп айткан.

Жапаров жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап, Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырган. Ошондон бери жер-жерлерде ысырапкерчиликти тыюуга байланыштуу иш-аракеттер көрүлүп жатканы менен той-ашты мурдагыдай эле өткөргөндөр деле бар.

Дагы караңыз

Президент 25-ноябрда элдик курултай өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду Ош: колу жука 350 үй-бүлөгө чакан бизнеске 100 миң сомдон берилет Оор атлет Канымжан Алмазбек кызы Түркиядагы мелдеште коло байге алдыБишкек мэриясы: мектеп формасын алууга мажбурлагандар жазаланат Алексей Навальный түрмөнүн айып изоляторуна киргизилди Казакстан: кумшекер кымбаттаган жагдайдан улам министр иштен кетти Украинадагы согуш: жикчил “ДНР” чет өлкөлүк беш жаранга айып койду