Чүй, Таласта мектеп директорун тандоого катышкандардын 30% тесттен өттү

Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорун тандоо сынагынын алкагында өткөрүлгөн Чүй менен Талас облустарындагы компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгын жарыялады.

Ага ылайык, Чүйдө сынакка 182 талапкер катышып, керектүү баллды 69у (38%) топтоду. Таласта 73 талапкердин арасынан компьютердик тестирлөөнү 24ү (32%) ийгиликтүү тапшырды.

Аталган министрлик Чүйдө 44, ал эми Таласта 146 бош орун бар экенин билдирген.

Буга чейин комьютерлик тестирлөө Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында өткөн.

Президент Садыр Жапаров 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп убакыттан бери иштеп келген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи сынак аркылуу дайындалат.

Тармактык министрлик жарлыктын негизинде быйыл жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмаша турганын билдирген.

Дагы караңыз

Элчи Кадыркулов Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды Акылбек Жапаров кытай элчиси менен темир жол куруу долбоорун талкууладыЧүй милициясы: Сокулукта аялын көгала кылып сабаган жаран камалды Ислам шериктештиги оюндары: кикбоксчу Адилет Улан уулу күмүш байге алдыМуфтий облус казыларына санариптешүүгө өтүүнү тапшырды