Сот блогер Батмакан Жолболдуеваны үй камагына чыгарды

Батмакан Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып 28-мартта камалган.

Баткен райондук соту 18-августта блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу облустук соттон кабарлашты жана келерки процесс 8-сентябрга белгиленди.

Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып 28-мартта камалган. Баткен милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин "этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, "жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “документтерди жасалмалоо” жана “бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Соттук териштирүү өткөн айда башталган.

Галымбетованын жакындары ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгонун билдирген. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Жолболдуева аны каралап жатканын айтып арыз жазганын маалымдаган.

Ютубда 49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” каналынын автору Жолболдуева аталган облустагы ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялап турган. Ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Баткендеги жергиликтүү бийликтин ишин сынга алып келген.

Дагы караңыз

Камактагы Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтилгени кабарланды Каракалпакстан: акыйкатчы кыйноо тууралуу дооматты төгүндөдүБаткендеги аткезчиликтен улам үч милиция кызматкери кармалды Нурзат Нуртаева күрөш боюнча жаштардын Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды Министрликтердин соцтармактарда маалымат берүү өнөктүгү башталат