Элчиликтин өкүлү Хорватияда кармалган кыргызстандыктар менен жолукту

Босния жана Герцеговина менен Хорватиянын ортосундагы чек ара бекети. Должани (Doljani). 19-июнь, 2021-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Хорватияда кармалган кыргызстандыктар менен консул кызматкери жолугуп чыкканын билдирди. Өкүл ошондой эле Хорватиянын Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги, облустук сотунун судьясы жана Карловац шаарындагы абактын кызматкерлери менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

Учурда Кыргызстандын Австриядагы элчилиги бул окуя боюнча иш жүргүзүп жатканын маалымдады. Буга чейин Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери Хорватиянын Загреб шаарына жөнөтүлгөн.

Августтун башында Хорватияда бир канча кыргызстандык жарандар "мыйзамсыз мигранттарды ташыган" деген шек менен камалганы маалым болгон. Жыл башында Венгрияда "мыйзамсыз мигранттарды ташууга" шек саналып Кыргызстандын, Украинанын жана Молдованын жарандары кармалышкан. (TSh)

Дагы караңыз Хорватияда камалган кыргызстандыктар

Дагы караңыз

Европа Биримдиги камактагы саясатчы Навальныйды бошотууга чакырды Аба ырайы: тоолорго кар түшөтЫсык-Көлдө майыптыгы бар жарандардын жүрүшү улануудаИИМ: фейк аккаунттар менен экстремисттик материал тараткан киши кармалды Президент Жапаров санарипке өтпөгөн министрлер кызматтан кетерин эскертти