Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт

Нарын облусу. Кел-Суу.

1-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 22...27;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 30…32° жылуу болот.

Чолпон-Атада түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 24…26° болот.

Дагы караңыз

"Газпром" ишканасы "Түндүк Агым" аркылуу газ берүүнү үч күнгө токтоттуЖалал-Абадда 97 мектептин директору тандала элекПрокуратура Рузиевдин акталышына каршы облустук сотко кайрылды Жо Байден: Горбачёв жаркын келечек үчүн карьерасын тобокелге салганПодольск шаарында машина коюп кеткен кыргызстандык кыз оор абалдаИИМ: милиция башчыны сындаган кызматкер аялын урганы үчүн иштен алынган