Киев: Орусияны Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлүгүнөн чыгарууга чакырабыз

Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 11-август, 2022-жыл.

Украинанын тышкы иштер министри Киев БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлүгүнөн Орусияны чыгарууну сунуш кыларын билдирди.

Дмитрий Кулеба Украина өз позициясын 26-декабрда ортого саларын, БУУдагы дипломатиялык чөйрөдө маселе талкууланып жатканын айтты. Башкы дипломат ошондой эле Москванын согушта утулгандан кийинки глобалдык ролу мурдагыдай болбой калганын кошумчалады.

Орусия АКШ, Британия, Франция жана Кытай менен бирге Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү жана вето коюу укугуна ээ.

Москва катуу суукта Украинанын энергетика, суу, жылуулук системасын бутага алып келатат. Киев чабуулдарды "энергетикалык террор" деп атайт.

23-ноябрда Кулеба Орусия "террордук мамлекет" деп таанылышы керек деп билдирген. Ошол эле күнү президент Владимир Зеленский Коопсуздук кеңешин Москвага каршы чечкиндүү аракет көрүүгө, өз аракеттерине байланышкан чараларды кабыл алууда вето коюу укугунан ажыратууга чакырган.

Дагы караңыз

Сеул Түндүк Кореянын дрондору чек араны бузуп өткөнүн билдирдиУКМК депутат Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кеткен деген маалымат таратты Кемпир-Абад иши: Шаардык сот дагы төрт кишини абакта калтырдыЖазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгилендиТокаев аялдардын пенсия курагы боюнча мыйзамга кол койду