АКШ Мексика менен чек арасындагы көзөмөлдү күчөтөт

Акыркы жылдары Мексика чек арасы аркылуу АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын саны көбөйдү. Архивдик сүрөт.

Кошмо Штаттарынын Техас штатында Мексика менен чек арада Тактикалык багыттагы чек ара күчтөрү (Tactical Border Force) жайгаштырылат. Reuters басылмасынын маалыматына караганда, мындай чара коронавирус пандемиясында чек араны кайтарууга байланыштуу киргизилген атайын чаралардын алынганын улам көрүлүп жатат.

Штаттын губернатору Грег Эббот Улуттук Гвардиянын бул элиталык бөлүгү мигранттар мыйзамсыз өтүшү ыктымал болгон тилкелерге жөнөтүлөрүн билдирди.

Буга чейин республикачыл Эббот президент Жо Байдендин чектөөлөрдү алуу чечимин сындаган. Анда штаттын тактикалык багыттагы чек ара күчтөрү атайын даярдыктан өткөнүн, Мексика менен чек арадагы эң көп көйгөй жараткан жерлерге тик учактар менен жөнөтүлөрүн, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө каршы иш алып барарын билдирген. Аларга адамдарды кууп таратууга, түнкүсүн көрүүгө керектүү жабдуулар дагы берилерин айткан.

Акыркы жылдары Мексика чек арасы аркылуу АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын саны көбөйгөнүн расмий маалыматтар ырастайт. Мексикадан ары АКШга өткөн кооптуу жолду тандагандардын арасында кыргызстандыктар да бар экенин "Азаттык" буга чейин жазган.

Дагы караңыз

Пулитцер сыйлыгы украиналык журналисттерге ыйгарылды Чоң-Чүй каналына түшүп кеткен алты жашар баланын сөөгү табылды Нукус окуялары: камалгандар менен Акыйкатчынын өкүлдөрү жолуктуЕвропа Комиссиясынын башчысы Киевге расмий сапар менен баратОш шаарындагы "Өлбөс полк" жүрүшүнө Акылбек Жапаров катыштыСадыр Жапаров: Жеңиш күнүнө жетүүгө Кыргызстан чоң салым кошкон Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" жүрүшү башталды