Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча британиялык ишкана менен меморандум токтотулду

Садыр Жапаров "Жогорку-Нарын ГЭС каскадында". 2020-жылдын 9-ноябры.

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча британиялык Minddock Limited DBA Enterprise Energy Investments компаниясы менен түзгөн меморандум токтотулду. Бул тууралу Энергетика министрлиги “Азаттыкка” билдирди.

Мекеме чет өлкөлүк ишкана меморандумдун шарттарын аткарбаганын билдирди. Маалыматка ылайык, ал компания курулуштун жол картасын, долбоорун сунушташы керек болчу.

Март айында меморандум энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Minddock Limited DBA Enterprise Energy Investments компаниясынын директору Роберт Битхард кол койгон. Эки тарап тил табышып, долбоорду ишке ашырууга киришсе, төрт гидроэлектростанция курулмак. Алар – Ак-Булуң жана Нарын-1,2,3 ГЭСтери. Жалпы кубаттуулугу 237,7 МВт жана жылдык орточо иштеп чыгуусу 942,4 млн. кВтс болот.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга 2012-жылы Орусия менен келишим түзгөн. Иш создугуп 2016-жылы макулдашууну денонсация болгон.

Орусиянын компаниясынан кийин Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча чехиялык “Лигласс” компаниясы менен да макулдашуу болгону менен долбоор ишке ашпай калган. (TSh)

Дагы караңыз

Бекешев орус депутатынын согушка катышкан борборазиялыктар жөнүндө пикирине жооп берди Жапаров менен Рахмон чек ара маселесин талкуулашты"Группа 24" Орусияда тажик мигранттарын жапырт кармоону сынга алдыAI: Иранда өлүм жазасына тартылгандардын саны үч эсе өстүОш: “Т” формасындагы жолдун каржы маселеси чечилгени маалымдалдыКиевде орусиялык армиянын 30дай ракетасы атып түшүрүлгөнү кабарланды