Бишкек шаардык соту Равшан Жээнбековдун жубайын камакта калтырды

Салкынай Алимбаева.

14-июнда Бишкек шаардык соту абактагы оппозиционер Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеваны эки айга камакка алуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-майда Салкынай Алимбаеванын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алган.

Салкынай Алимбаева 25-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Атайын кызмат ага козголгон иш боюнча азыркыга чейин маалымат бере элек.

Шектүүнүн адвокаты Разак Ашимбаевдин айтымында, Алимбаевага Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышына байланыштуу “коррупция” беренеси менен айып коюлган. Ал окуя былтыр болгонун, Алимбаеванын буга тиешеси жок экенин билдирген. Ал өзү да күнөөсү жок экенин айткан.

Анын жолдошу Равшан Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда “Жапырт башаламандык уюштуруу” беренесинин негизинде 30га жакын саясатчы, жарандык активист менен чогуу камалган. Анын алдында Жээнбеков Өзгөндө өткөн курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөнүн жарыялаган.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, ал иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Орус Коргоо министрлигинин каналы Делимханов Украинада жараат алганын кабарлап, кайра төгүндөдү Ысык-Көлдүн жээгине тосмолорду курууга тыюу салындыФонд жетекчиси «Кумтөрдүн» 400 миллион сомуна байланыштуу камакка алындыМедиа жана жарандык коом өкүлдөрү бийликке кайрылуу жолдоштуТүркиядагы зилзаладан кийин издөө, куткаруу иштерине катышкан кызматкерлер сыйландыАкыйкатчынын эки орун басары шайландыПрезидент Ысык-Көлдөн 96 миң метр тор, 6 тонна таштанды чыгарылганын айтты