Харьковдо Орусиянын чабуулунда эки адам мерт болуп, бирөө жараат алды

Ага чейин Купянскиде украин аскерлери орус күчтөрүнүн батышка карай жүрүүсүн токтотуп, туруштук берип жатканы кабарланган. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын 26-августтагы чабуулунан Украинанын Харьков облусунда Купянск районунда эки адам мерт болуп, дагы бир тургун жараат алды.

Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов орус армиясы аталган райондогу Подолы айылын аткылаганын, снаряд кафелердин бирине тийгенин билдирди.

Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Мунун алдында Британиянын чалгын кызматы Орусия жакынкы күндөрү Купянск-Лиман багытындагы чабуулдарын күчөтүшү ыктымалдыгын билдирген.

Ага чейин Купянск аймагында украин аскерлери орус күчтөрүнүн батышка карай жүрүүсүн токтотуп, туруштук берип жатканы кабарланган.

Дагы караңыз

Белгород: Гладков Киевди кассеталык ок-дары колдонууга айыптады БШК Өмүрбек Бакировдун депутаттык каттоосун, күбөлүгүн жокко чыгарды Чукул кабар: Нарында үшүк жүрөт, тоолуу аймактарда жаан карга айланатХабаровск шаарында полициядан ок жеген кыргыз жаранынын абалы оор Токаев казак-кыргыз чек арасындагы жагдайды жөнгө салууну тапшырдыМосквада аэропорттордун иши калыбына келтирилди Эстония: Калластын күйөөсү Орусия менен бизнесин токтоторун айтты Пригожиндин учагы кыйраган жерден "кара кутулар" алынды Нигерде хунта француз элчисин өлкөдөн чыгарууну талап кылдыКызыл-Кыяда жолбун ит капкан сегиз адам ооруканага жаткырылды