Салык кызматы: чек лотереясына 300 миңден ашык адам катышып жатат

Быйылкы чек лотереясынын биринчи айлампасы 26-июндан 1-июлга чейин өткөн.

Салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясына катышып жаткан жарандардын саны 300 миңден ашканын билдирди. Анда жалпысынан баасы 9,1 миллиард сомдон ашык кассалык чек сканерден өткөрүлгөнүн, 8,1 миллион ID-номер ыйгарылганын, алардын ар бири лотереяга катышып жатканын кабарлады.

Быйылкы чек лотереясынын биринчи айлампасы 26-июндан 1-июлга чейин өткөн. 1200гө чукул байге ойнотулган жана анын ичинде 10 электромобиль, Дубайга эки кишилик үч жолдомо болгон.

Кардарларды көзөмөл-кассалык машинанын (ККМ) чегин талап кылууга үндөгөн лотерея алгачкы жолу былтыр уюштурулган. 1-апрелден тартып 31-декабрга чейин үч жолу ойнотулуп, ага 19 миллионго жакын билет катышкан. Байге фонду 65 миллион сомдук лотереянын жеңүүчүлөрүнө машина, тиричилик техникасы өңдүү баалуу белектер тапшырылган.

Быйылкы жылы республикалык бюджеттен 438 миллион сом бөлүнөрү айтылган. Жеңүүчүлөргө өкмөт 10 батир, 20 автомашина, Дубайга эки кишилик алты жолдомо, 1000 iPhone 14, 40 Dyson стайлерин, 300 ноутбук жана 1000 Xiaomi 11T смартфонун убада кылган.

Салык кызматынын чек лотереясы аймактар арасында алгачкылардан болуп Жалал-Абад шаарында өзүнчө уюштурулган. Аны өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен бир миллион сом бөлүнгөн.

Дагы караңыз

Кыргызстан үч көмүр кенин кытай компаниялары менен чогуу иштетет ЖК: Коомдук кеңештерди жоюу мыйзам долбоору экинчи окуудан өттүКелерки жылдагы ажылык сапарга Кыргызстанга 6,5 миңдей орун берилет УКМК: улут аралык жаңжал чыгарып, каршылык көрсөткөндөр кармалды Быйыл алты айда Кытай Кыргызстанга 102 млн долларлык инвестиция салды ЖКда чет жерде кулчулукка кабылган кыргызстандыктар маселеси айтылды Парламентте жабылган мечиттерге байланыштуу маселе көтөрүлдүМирлан Самыйкожо тууну өзгөртүү демилге-сунушун сынга алды Эмгек министрлиги Орусиянын "кара тизмесинен" чыгуу жобосун эскертти"Ата-Бейиттин" жумушчуларынын маянасы 2024-жылы эки эсе көбөйөт Газага гуманитардык жардамдын төртүнчү партиясы келди