Астанадагы көчмөндөр оюнунда көк бөрү ойнолбойбу?

Кыргызстанда өткөн көк бөрү оюндарынын бири. Архивдик сүрөт.

Быйыл Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тизмесинде көк бөрү жана кыргыз күрөшү жок экени белгилүү болду. Маданият министри Алтынбек Максүтов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, бул улуттук эки оюнду тизмеге киргизүүгө көмөктөшүүсүн өтүндү.

Анын сөзүнө караганда, бул улуттук оюндар эл аралык көчмөндөр оюнунда мелдештен тышкары көргөзмө оюн катары гана киргизилип калган. Улуттук оюндун айланасында жаралган бул маселе учурда кандай чечилип жатат?

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Казакстандын башкалаасы Астана шаарында өтөт. Бирок Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов негизги оюндардын тизмесине кыргыздын улуттук оюндарынын көзүрүнө айланган көк бөрү менен кыргыз күрөшү киргизилбей жатканын айтты. Ал министрликтин 26-февралда өткөн коллегиялык жыйынында бул маселени өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө көмөк сурап, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылган.

Министр Максүтов “Азаттыкка” буларды айтты:

Алтынбек Максүтов.

“Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбековичтен жетекчибиз катары бул көйгөйдү өкмөттүк деңгээлде чечип берүүсүн сурандым. Анткени Казакстандын өкмөт башчысы менен да сүйлөшүп, ал өз өлкөсүнүн маданият жана спорт министрлигине тапшырма берип, көк бөрүнү тизмеге кошсо деген ойдобуз. Казакстанда өтө турган көчмөндөр оюндарына көк бөрү менен кыргыз күрөшү сөзсүз кириши керек. Казак тарап кезектеги оюнду презентациялап, катуу даярдыктар көрүлүп жатканын, 182 миллион доллар сарпташарын билдиришти. Бирок жогорудагы биздин эки оюн сөзсүз тизмеге киргизилиши керек деп сунушубузду байма-бай берип жатабыз. Анткени кыргыздардын көк бөрү жана кыргыз күрөш улуттук оюндары негизги тизмеге кирбей калышы эки боордош элди ынтымакка чакырбай эле ажырымга алып келиши мүмкүн. Себеби биздин өлкөдө көк бөрү – күйөрмандары көп оюн. Мисалы, Америкада америкалык футбол кандай бааланса, бизде көк бөрү ошондой бийик деңгээлде бааланат. Мындан сырткары ЮНЕСКОнун да тизмесине киргизилгени маалым”.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдеш. Мелдешти өткөрүү демилгеси 2012-жылы Түрк Кеңешинин саммитинде Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, 2014-жылы алгачкы ирет Кыргызстанда өткөрүлгөн. Мелдешке Азия, Европа, Түштүк Америка, Америка өлкөлөрү да катышкан. Көчмөндөр оюндары кийин да өлкөдө 2016-2018-жылдары эки жолу жогорку деңгээлде белгиленген. 2018-жылы ага 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Ушундан кийин оюнду өткөрүү эстафетасы Түркияга өткөрүлүп, пандемиялык шартка байланыштуу 2022-жылы Изник шаарында өткөн.

Эми быйыл күздө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өткөнү турат.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү командалары финалда. 2022-жыл, 2-октябрь. Түркиянын Изник шаары.

Ал эми көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан көк бөрү Кыргызстанда үч ирет өткөн көчмөндөр оюндарында негизги улуттук оюн катары катталган. Бирок кезек Түркияга келгенде маселе жаралган. Бир топ сүйлөшүүлөрдөн кийин түрк тарап көкпар менен катар көк бөрүнү да оюндардын тизмесине кошуп, байгесин Кыргызстан көтөрүүнү моюнга алган. Бирок өлкөнүн көк бөрү командасы көчмөндөр оюндарына өзүнүн атайын үйрөтүлгөн аттарын алып бара албай, 24 атты Түркиядан жалдап алып оюн көрсөтөрү социалдык тармактык колдонуучулары арасында кызуу талкуу жараткан эле. Мындан сырткары, көчмөндөр оюндарын Кыргызстан негиздесе да, Түркиядагы иш-чарада кыргыз күрөшү, тогуз коргоол баштаган кыргыздын улуттук оюндары көрсөтмө оюн гана катары катышарын, салбуурун оюндары такыр эле кошулбаганын сындашкан.

Дагы караңыз

Көчмөндөр оюндары: көкбөрүчүлөр аргымактарын алып бара албай калды


Маданият министри Алтынбек Максүтов быйыл да казакстандык уюштуруучуларга алдын ала көк бөрү менен кыргыз күрөшүн оюндар тизмесине киргизгиле деп кат жазганын, бирок майнап чыкпай калганын кошумчалады:

“Азыр Казакстанда өтүп жаткандыктан, ал тараптын катчылыгы бизге оюндардын тизмесин жөнөттү. Биз ага чейин да көк бөрү менен кыргыз күрөшүн оюндар тизмесине киргизгиле деп кат жазганбыз. Көп тараптуу сүйлөшүүлөр да жүргүзүлгөн. Бирок ал тараптан жооп болбой, эми аягында кирбей калганы тууралуу маалымат алдык. Ошондон кийин мен Анталья шаарында "Спорттун салттуу түрлөрүн жандандыруу" урааны астында этноспорттун алтынчы форумунун ачылышында дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоганга жолугуп, бул тууралуу билдиргем. Ал жерге Казакстандын маданият министри келбей калгандыктан талкуулай алган эмеспиз. Андан кийин Казан шаарынан ага жолугуп, жогорудагы эки оюнду башкы тизмеге сөзсүз киргизүү боюнча өз сунушумду айттым. Ал "талкуулайлы, жолугуп сүйлөшөлү" деп азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мындан сырткары Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти, Казакстандын мурдагы маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова Бишкекке келгенде, ага да айткам".

Кыргызстанда өткөн көк бөрү оюндарынын бири. Архивдик сүрөт.

"Көк бөрү тизмеге кирет деген ойдойбуз"

Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына көк бөрүнү киргизүү боюнча Кыргызстан менен Казакстан быйыл февраль айынын ортосунан бери эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

14-февралда Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев баштаган делегация Астанага барган. Анда федерация жетекчиси казакстандык уюштуруучулар кыргыздын улуттук оюнун программага киргизбей койгонуна өкүнүчүн билдирип, кыргыз эли бул маселеге өзгөчө көңүл бурарын белгилеген.

Жунусалиев “Азаттыкка” кийинки сүйлөшүүлөр Бишкекте март айынын башында өтө турганын, ага көкпар федерациясынын президенти баш болгон казак тараптан бир канча өкүл келерин айтты:

Рамис Жунусалиев.

“Алдыда көп пункттан турган сүйлөшүүлөр болот. Негизи спорт эки элди бириктириши керек, бизге ажырымдын кереги жок. Албетте, биздин өлкө көчмөндөр оюндарынын автору болгондон кийин, ушундай жагымсыз чечимдер жакшы угулбайт. Бирок азыр маселе толук кандуу чечилип, көк бөрү оюнга таптакыр кирбей калды дегенден да алысмын. Азыр ошол маселенин үстүндө кызуу иштеп жатабыз”.

Жунусалиев буга чейин тай казандан баш тарткан казак тарап көк бөрүнү кандай жүйө менен тизмеге кошпой жатканын, бирок алдыда маселе оң тарапка чечилет деген ишенимде экенин мындайча баяндады:

“Негизи казактар көк бөрү менен көкпар бир эле оюн да, анан аны тизмеге эки түрдүү ойноп киргизүүнүн кажети барбы деп жатышат. Анан биз да Кыргызстанда көчмөндөр оюну 2014-2016-2018-жылдары үч ирет өткөндө, мындан сырткары Түркияда өткөндө да көк бөрү расмий оюн катары тизмеге киргенин негиз катары айттык. Биздин ушундай көзгө басар оюндун четке кагылып жатканын баса белгиледик. А алар “дал ошол жогорудагы оюндарда көкпар деле кирген эмес да” дегендей таризде жооп беришти. Бирок мен ал учурда көкпар өзү жок болгонун, расмий түрдө 2019-жылы каттоодон өткөнүн кеп кылдым. Айтор, ушундай талаш-тартыштар болду. Бирок биз казак тарап менен алдыда бир жакшы пикирге келип, көк бөрү менен кыргыз күрөшүн сөзсүз түрдө тизмеге киргизебиз деген үмүтүбүз бар”.

Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү жана көкпар федерацияларынын жолугушуусу.

Көк бөрү федерациясынын эксперти Рамис Кудайбергенов - февраль айынын орто ченинде Астанага сүйлөшүүгө барган өкүлдөрдүн бири:

Рамис Кудайбергенов.

“Булар эки спорт кайталанат деген шылтоо менен бүткүл дүйнөлүк этно-спорт уюмунун ичинде баарыбыз көкпарды ойнойбуз деп кабыл алып коюшкан экен. Бирок азыр кыргыз тарап чоң талап койду. Анткени кыргыздар көчмөндөр оюндарын үч ирет өткөргөнү менен, негизги тамырынан тайып баратпайбы. Мисалы, оюнду өткөргөн ар өлкө өзүнүн улуттук оюндарын кошуп жатат. Казак уюштуруучулары биздин алыш күрөш бар деп кыргыз күрөштү кошпой койду, көкпар бар деп көк бөрүнү кошпой койду. Көкпар ойногонго жеңил деп жатышат. Бирок былтыр эл аралык Көк бөрү ассоциациясы түзүлдү. Бул алардын Көкпар ассоциациясына альтернатива болду. Чынын айтканда, азыр биздин ассоциация күчтүү. Себеби күйөрмандар көп, ойной тургандар да көп. Азыр заманбап коопсуз тайказандар жасала баштады. Ушундай бир аз талаш-тартыштар болуп жатат. Эми казак бир туугандар өз үйүндө көкпарды бекитип алып, кийинки оюндардын баары анын эрежеси менен өтсүн деп аракет көрүшүүдө. Биз жолугушууларда деле айтып жатабыз, көкпардын негизги тамыры, бардык элементтери көк бөрүдөн эле алынган деп. Коңшулар оюнунан тай казанды эле алып, убактысынан эле бир аз айырма кылышты. Башка эч кандай өзгөчөлүгү жок”.

Улуттук оюнду заманбап, профессионал спорт түрүнө айлантуу үчүн дагы өзгөртүүлөр зарыл дегендер бар.

Көк бөрү оюнунун азыркы эрежесин 1996-жылы режиссерлор Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеев иштеп чыгышкан. Оюндагы негизги эреже катары бир командада 12 чабандес 12 ат менен 20 мүнөттөн үч айлампа ойноп, оюн талаасында бир учурда ар бир командадан төрттөн оюнчу ойноору жана улак тайказанга салынары белгиленген.

Ал эреже 2001-жылы түзүлгөн Эл аралык көкбөрү федерациясы тарабынан да колдоо таап, уюмга мүчө болгон Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкүлдөрүнүн арасында өлкө аралык мелдештер уюштурула баштаган.

Бул тартип 2013-жылга чейин сакталган. Ошол жылы Астана шаарында көкбөрү боюнча алгачкы Азия чемпионаты ошол эреже менен өткөн.

Ага жети өлкөнүн улакчылары катышып, финалда Казакстан менен Кыргызстан ойноп, 4:2 эсебинде жергиликтүү команда жеңүүчү болгон.

Бир жылдан кийин Кыргызстанда I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, анда көк бөрү күйөрмандары күткөн Казакстандын командасы келбей, финалда “Кыргызстан-1” жана “Кыргызстан-2” командалары ойноп, 4:3 эсебинде “Кыргызстан-1” командасы жеңишке жеткен.

2016-жылы Чолпон-Атада болгон II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалында Кыргызстан жана Казакстандын командалары беттешип, 15:3 эсебинде кыргыз көкбөрүчүлөрү жеңишке жеткен.

Бир жылдан кийин 2017-жылы Казакстанда көкпар эрежеси менен Дүйнө чемпионаты өтүп, анда финалда Казакстандын командасы 4:1 эсебинде Кыргызстандын командасын жеңип алган.

2018-жылы Чолпон-Атада III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында финалда Кыргызстан менен Өзбекстан ойноп, Кыргызстан жеңүүчү болгон. Казакстан 3-орун үчүн Орусиянын Москва командасы менен беттешип, коло байге алган.

2019-жылы январь айында Эл аралык көк бөрү федерациясы оюндун эрежелерин, анын ичинде тайказан маселесин Бишкекте жана Ташкентте өткөн конгрессте талкуулап, орток пикирге келе албай койгон.

2019-жылы февраль айында Казакстандын борбору Астана шаарында Түрк элдеринин салттуу спорт оюндар ассоциациясынын жыйыны өтүп, ага катышкан тогуз өлкөнүн сегизи тайказаны жок, улактын ордуна муляж менен ойноого макул болуп, Казакстан сунуш кылган көкпар эрежелерин кабыл алган. Жыйынга Кыргызстандын көк бөрү федерациясынан өкүлдөр барган эмес.

2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпардан эки башка оюндар болуп, экөөнөн тең финалда Кыргызстан менен Казакстандын командалары беттешип, көкбөрүдөн Кыргызстан алтын байге алса, көкпардан Казакстан жеңишке жеткен.