Бишкекте шамалдан эки бала, 19 билим берүү мекемеси жабыркады

Бишкекте шамалдан жабыркаган мектеп, бала бакчалар.

28-мартта Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамалдан алдын ала маалымат боюнча, борбор калаада эки бала жабыркаган. Алардын абалы жана эмнеден жаракат алганы тууралуу кенен маалымат берилген жок.

Шамал андан тышкары Бишкекте 25 турак жайдын, Чүй облусунда алты социалдык мекеменин жана 15 үйдүн чатырын алып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Келтирилген материалдык чыгымды тактоо иштери жүрүп жатат.

Бишкек мэриясы катуу шамалдын кесепетинен 19 билим берүү мекемеси - 11 мектеп жана сегиз бала бакча жабыркаганын кабарлады. Алардын көбүнүн чатырлары талкаланып, мектеп жана бала бакчалардын тегерегине бак-дарактар кулаган.

Шаар бийлиги кулаган бак-дарактарды алуу, тазалоо боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барып жатканын, түзүлгөн комиссия иштин жүрүшүндө келтирилген зыяндын көлөмүн аныктай турганын билдирди. Комиссия буга чейин чатырын оңдоо иштери жүргүзүлгөн борбордогу бардык билим берүү мекемелеринин сапатын текшермекчи.

Мектеп окуучулары 1-апрелге чейин каникулда, бала бакчалар кадимки тартипте иштей берет.

28-мартта социалдык тармактын колдонуучулары шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарактар кулап автоунааларды басып калганы тартылган сүрөт-видеолорду жарыялашкан.

Катуу шамалдан улам 28-мартта Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев борбор калаага өзгөчө кырдаал режимин киргизген. (BTo)

Дагы караңыз

Болгарияда алты жыл ичиндеги үчүнчү парламенттик шайлоо өтөтӨзбекстан быйыл Орусиядан газды үч эсе көп сатып алат28-март: Матраимовго дагы бир айып тагылды, Шереметьеводон ондогон киши Кыргызстанга кайтарылат«Крокустагы» кол салуу боюнча кармалган Исломовдор бөгөт чарасына каршы арызданыштыКазакстан: Сел каптаган айылда нааразылыкка чыккандар жазаланды