Акжол Махмудов Азия чемпионатынын күмүш медалын алды

Акжол Махмудов.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 15-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медал алды. Ал финалдык беттеште жапониялык Нао Кусакага 2:4 эсебинде жеңилди.

Грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмак ченинде Акжол Махмудов чейрек финалда казакстандык балбан Ибрагим Магомадовду 3:3 эсебинде уткан (акыркы баллды кыргызстандык балбан алгандыктан жеңиш Акжол Махмудовго берилди). Жарым финалда ирандык Амир Али Абди менен кез келип, беттеш 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда аяктап, финалга чыккан.

Акжол Махмудов 15-апрелде 25 жашка чыкты. Ал Азиянын үч жолку чемпиону (2018-ж., 2022-ж., 2023-ж.), Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2021-ж.), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-ж., 2023-ж.), кадеттер (уландар) арасында дүйнө чемпиону (2016-ж.), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2018-ж.), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016-ж., 2017-ж.).

Азия чемпионаты Бишкек Арена спорт комплексинде өтүп жатат. Буга чейин эркин күрөштөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын медал алышкан. 15-апрелде Улан Муратбек уулу грек-рим күрөшүнөн 55 кг салмакта коло медал жеңди. (BTo)

Дагы караңыз

Трампты каржы алдамчылыгына айыптоо иши боюнча сот отуруму өтөт15-апрель: Бишкек Тегеран менен Тель-Авивди тынчтыкка чакырды, вице-мэр Сазыкулов камалдыПрезидент Илимдер академиясына реформа керек экенин айттыМакрон Олимпиада ачылышы башка жерде өтүшү ыктымал экенин айттыМектеп директорлугуна талапкерлердин 147си тесттен өттүБарак эксклавынан көчүп чыккандарга мамлекет турак жай салып беретКыргызстанда мыйзамсыз жүргөн ондогон чет элдик жаран депортацияланат