Бактияр Орозов ичимдик ичип машина айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылды

Бактияр Орозов.

Мурдагы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов ичимдик ичип алып машина айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунан кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров Бактияр Орозовду 15-декабрда кызматтан алган. Президенттин администрациясы тараткан маалыматта анын кызматтан алынышына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасын так сактабаганы негиз болгону жазылган. Бирок сөз министрдин кайсы аракети жөнүндө экени айтылган эмес.

Көп өтпөй социалдык тармактарда Орозовду Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери токтоткону, ичимдик ичип алып машина айдап баратканы аныкталганы тартылган видеолор тараган.

39 жаштагы Орозов министрлик кызматка быйыл май айында дайындалган. Анын алдында юстиция министринин орун басары болуп эмгектенген. 2022-жылдын февраль-сентябрь айларында билим берүү министринин орун басары болуп турган.

Орозов өзү кабылган окуя тууралуу комментарий берген эмес.

Дагы караңыз

"Манас" аэропортунда коюу тумандан улам каттамдар үзгүлтүккө учурап жатат Илхам Алиев КМШга мүчө өлкө башчыларынын Орусиядагы саммитине барган жок ЖК комитеттери Досмамбетовду саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди ЖК комитеттери бюджет тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырдыТрамп Луизиананын губернаторун Гренландия боюнча чабарманы кылып дайындадыЖанарбек Акаев Ошто ашууларда кытайлык айдоочулардын айынан тыгын жаралып жатканын айттыУлуттук банк ири интервенция жасап, валюта базарына 179,5 миллион доллар саттыПутин 10 жаштагы Кобилжондун өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланарын айтты Өкмөт бюрократияны азайтуу чараларынын алтынчы топтомун кабыл алды