Кыргызстанда жаңы жылдык эс алуу 12-январга чейин узартылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин токтому менен Кыргызстанда мамлекеттик, муниципалдык мекеме-уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган ишканалардын кызматкерлеринин жаңы жылдык эс алуу күндөрүн эки календардык күнгө – 2026-жылдын 8-9-январына чейин узартуу чечими кабыл алынды. Муну менен кыргызстандыктар 12-январга чейин эс алышат.

"Мындай чечим үй-бүлө институтун бекемдөө жана кышкы каникул учурунда ата-энелердин балдары менен бирге эс алуусу үчүн кошумча шарт түзүү максатында кабыл алынган. Ага ылайык, жеке менчик юридикалык жактардын жетекчилерине ошондой эле кызматкерлердин эмгек жана үй-бүлөлүк турмушунун ортосунда балансты түзүүгө көмөктөшүүчү бул ченемдик укуктук актыны өз ишинде колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды", -деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандыктар үчүн 1-6-январь күндөрү Жаңы жылдык каникул болот. 7-январда Иса пайгамбардын туулган күнүнө (ред: Рождество) байланыштуу жарандар эс алат.

Былтыр жыл аягында Жогорку Кенеш Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү каралган мыйзам долбоорун кабыл алган жана анда майрам күндөрүнүн саны кыскарган.

Ага ылайык, 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь майрам бойдон кала берет, бирок кызматкерлер ал күндөрү эс албайт. Ишемби, жекшембиге туш келген майрамдар үчүн башка күнү дем алыш болбойт. Январдын башында жаңы жылдык жана май айынын башында майрамдык эс алуу болот.

Дагы караңыз

Оренбургда жол кырсыгынан үч кыргыз жараны, анын ичинде эки жашар бала мерт болдуДелегат Карабаева жабык жайларда адам укугу бузулуп жатканын айтып чыкты Орусиядан шайланып келген делегат Садыр Жапаров мигранттар маселесин сөз кылбаганын айтты Президент Жапаров мугалимдерин, дарыгерлердин айлыгы 100% көтөрүлөрүн билдирди Курултайда кыргыз-казак чек арасындагы Чүй дарыясынын жээги кемирилип жатканы дагы айтылды Көк бөрү федерациясынын президенти алдамчылыкка шек саналып камалды Ташиев күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келиндин өлүмүн ар кайсы жагдайга шылтоо орунсуз экенин эскертти