Сыдыков Жумгал, Ак-Талаа, Чоң-Алай райондорунда бир да адвокат жок экенин айтты

Орозбек Сыдыков.

Министрлер кабинети адвокаттык лицензия алуу үчүн тестирлөөдөн жетиштүү упай топтой албай калгандарды жактоочулар жетишсиз болуп жаткан аймактарда иштөөгө уруксат берүү сунушун киргизди.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин 27-январдагы жыйынында каралып, биринчи окуудан өттү.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, тест тапшыргандар суроолордун 70% туура жооп берсе адвокаттык лицензия берилет. Сунушталып жаткан өзгөртүүгө ылайык, 50% суроого жооп бергендер өз эрки менен жактоочулар жетишсиз аймактарга барып адвокаттык ишмердүүлүгүн жүргүзсө болот.

Орозбек Сыдыков бул алыскы аймактарда жактоочулар жетишсиздиги боюнча маселени чечүүгө жардам берерин айтып, Жумгал, Ак-Талаа, Чоң-Алай райондорунда бир да адвокат жок, ал эми Ноокат, Алай, Араван райондорунда бирден эле жактоочу бар экенин кошумчалады.

“АКШда 300 адамга бир адвокат, ал эми Европа өлкөлөрүндө 500дөн 2000 чейин туура келет. Бизде болсо 21 миң кишиге бир адвокат болуп калууда. Айрым калкы көп, бирок алыскы аймактарда бир да жактоочу жок”, - деди ал.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 460 адвокат бар. 2023-жылдын ноябрь айында “Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Мыйзам боюнча жогорку юридикалык билими бар Кыргызстандын жараны адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия ала алат. (BTo)

Дагы караңыз

"Элит-Строй-Ситинин" жетекчилигине Кыргызстандан чыгууга чектөө коюлдуЖК комитети мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты угуп, баарын четке какты БШК Мансуралыевди №13 округдан талапкер кылып каттоодон баш тарттыМенчик автомектептердин ээлери иши токтоп калганын билдириштиМинистрлик Кыргызстанда Нипах вирусун жуктургандар катталбаганын билдирдиАКШда калың кар жаап, кеминде 30 адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды"Агентство" Абу-Дабиде сүйлөшүүлөр башталгандан бери Орусиянын украин жерлерин ээлөөсү басаңдаганын жаздыЖогорку сот Махабат Тажибек кызынын ишин карайтИрандагы акцияларда каза тапкандар 30 миңден ашкан болушу ыктымал