Декларация тапшырбаган же туура эмес маалымат бергендерге 13 млн сом айып салынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура 2024-жылдагы киреше-чыгашасы тууралуу декларацияны тапшырбаган же белгиленген мөөнөттө бербеген жана туура эмес маалыматтарды көрсөткөн 3 472 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер аныкталганын кабарлады.

Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды бербөөсү же талаптагыдай эмес берүүсү” беренеси менен материалдар сотторго жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 2 882 кызмат адамына жалпы 13 млн 674 миң сом айып салынды.

Калган кызматкерлерге байланыштуу материалдар сотто каралууда.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча декларациялар 2025-жылдын 31-декабрынан 2026-жылдын 9-январына чейин беш бөлүк менен жарыяланды. Салык кызматы билдиргендей, жалпысынан 63 миң 209 декларация тапшырылган, анын 1403ү мамлекеттик саясий, жогорку административдик жана атайын кызматты ээлеген жетекчилер. Талдоолордун жыйынтыгы менен анын 12% же 7 343 декларация мекеменин расмий сайтына жарыяланган. (BTo)


Дагы караңыз

Сыдыков Жумгал, Ак-Талаа, Чоң-Алай райондорунда бир да адвокат жок экенин айтты"Элит-Строй-Ситинин" жетекчилигине Кыргызстандан чыгууга чектөө коюлдуЖК комитети мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты угуп, баарын четке какты БШК Мансуралыевди №13 округдан талапкер кылып каттоодон баш тарттыМенчик автомектептердин ээлери иши токтоп калганын билдириштиМинистрлик Кыргызстанда Нипах вирусун жуктургандар катталбаганын билдирдиАКШда калың кар жаап, кеминде 30 адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды"Агентство" Абу-Дабиде сүйлөшүүлөр башталгандан бери Орусиянын украин жерлерин ээлөөсү басаңдаганын жазды