17-февралда Конституциялык сот президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кайрылуусун кароого киришти. Мекеменин басма сөз кызматы маселе тараптардын катышуусуз талкууланып, чечим кабыл алынарын билдирди. Жыйынтыгы Конституциялык соттун расмий сайтында жарыяланат.
Садыр Жапаров ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, кезектеги же мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындоо тартибин жөнгө салуучу конституциялык жоболорду чечмелеп берүү өтүнүчү менен 11-февралда Конституциялык сотко сунуштама берген.
Ага ылайык, Консот Конституциянын 67-беренесине, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн чечмелеп берет.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кайрылууда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармады.
Садыр Жапаров бул кайрылуу коомдо, мамлекеттик мекемелердин ортосунда бөлүп-жарууга багытталганын айтып, 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды.
Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келген.
Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берип, Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, УКМКнын мурдагы төрагасы мамлекеттик кызматка барбай турганын айтты. (BTo)