Конституциялык сот: 2027-жылы президенттик шайлоо өтөт, Жапаровдун бийликтеги биринчи мөөнөтү бүтөт

Кыргызстандын Конституциясы, Конституциялык сот жана президент Садыр Жапаров. Коллаж

Кыргызстандын Конституциялык соту президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөрүн билдирди. Садыр Жапаров толук алты жыл иштейт жана бул президенттик биринчи мөөнөт деп эсептелет. Бир жаран эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт.

Конституциялык соттун чечмелөөсү

Конституциялык сот президенттик шайлоо келерки жылы 24-январда өтүшү керек деген чечмелөөнү “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 10-беренесине таянып берди. Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону быйыл 24-сентябрдан кечиктирбей дайындашы керек.

17-февралда Конституциялык сот мамлекет башчы Садыр Жапаровдун президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кайрылуусун карап, Конституциянын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн ушундай чечмеледи.

Ага ылайык, Садыр Жапаров алты жыл иштейт жана президенттик шайлоо 2027-жылдын январында өтөт. Бул биринчи мөөнөт деп эсептелет. 2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт. Демек, Садыр Жапаровдун алты жылы биринчи мөөнөтү катары эсептелет.

Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген. Президенттик шайлоо өткөн учурда мурдагы Конституция иштеп турган. Ал Баш мыйзамда “президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайлана алат” деп жазылган.

"Ошентип, 2021-жылдагы Конституциянын 67-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктардын беш жылдык мөөнөтү 2010-жылдагы Конституциянын колдонуу учурунда башталган президенттик мандатка жайылтылбайт: башталган мөөнөт баштапкы белгиленген узактыкта – алты жылда аякташы керек. Ошол эле учурда учурдагы Президент өз ыйгарым укуктарын 2021-жылдагы Конституцияга ылайык улантууда, ал эми анын алты жылдык мөөнөтү «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык эки мөөнөт жөнүндөгү эреже боюнча биринчи мөөнөт катары эсептелет. Конституциялык сот жогоруда аталган Мыйзамда камтылган өткөөл жоболор Конституциянын негизги тексти менен бирдей юридикалык статуска ээ экенин белгилейт. Бул алардын Конституция менен бир убакта бир эле уюштуруучу акт менен — референдумдун жыйынтыктарынын негизинде кабыл алынгандыгы менен байланыштуу. Өткөөл жоболор Конституция менен органикалык түрдө бириктирилген жана бирдей жогорку юридикалык күчкө ээ. Демек, өткөөл жоболорду караган мыйзам кадимки мыйзам менен бирдей негизде каралышы мүмкүн эмес", - деп айтылды Конституциялык соттун маалыматында.

Былтыр Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, кезектеги президенттик шайлоо 2027‑жылдын 24‑январына (январдын төртүнчү жекшембиси) белгиленген.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева бүгүнкү чечим менен президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу маселеге чекит коюлганын белгиледи:

Таттуубүбү Эргешбаева

"Ал (ред: Садыр Жапаров) биринчи жолу 2021-жылдын 10-январында шайланып, 28-январда ант берген. Мөөнөтү боюнча ал 2027-жылдын январь айынын аягына чейин иштөөгө укуктуу жана мыйзамдуу деп чыгарып беришти. Экинчиси, президенттин алты жылдык мөөнөтү өткөөл мезгил менен кошо караганда биринчи президенттик мөөнөт деп саналып, кийинки шайлоодо экинчи ирет беш жылдык мөөнөткө шайланууга укуктуу деп көрсөтүлгөн. Демек, мындан ары ар кандай талаш-тартыштар илимий, эксперттик чөйрөдө болушу мүмкүн. Бирок Конституциялык сот акыркы инстанция катары расмий укуктук талдоо берип, бул суроо боюнча чекит койду".

Ал эми юрист, адвокат Нурбек Токтакунов талаш пикирлер ушуну менен токтойт дегенге кошулбайт:

Нурбек Токтакунов

"Конституциялык сот ушундай эле чечим кабыл аларын билгем. Эгер алты жылга барса, анда бир мөөнөт, эгерде беш жыл болсо, анда кийинки мөөнөткө барса болмок. А булар мурдагы Баш мыйзам менен биринчи мөөнөттү алты жыл дешти. Бирок 2021-жылы шайлоого барган жарандар бир жолу алты жылга шайлайбыз деген эрежени карманышкан да. Конституция өзгөргөндө тартип гана алмашып, президенттин мөөнөтү боюнча мурдагыдай эле калышы керек. Алты жыл, бир мөөнөт. Бул чечим чекит эмес. Чечим бизде “креслодон” көз каранды. Анын кожоюну алмашканда чекит кайра өзгөрөт, үтүр болуп калат”.

Президенттин сунуштамасы, юристтин кайрылуусу

Мамлекет башчы 11-февралда Конституциялык сотко кайрылганы аталган соттук органдын расмий маалыматынан белгилүү болгон.

Садыр Жапаров 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам менен 2021-жылкы Баш мыйзамдагы президенттин мөөнөтүнө байланыштуу ченемдер талаш жаратып жатканын белгилеп, түшүндүрмө берүүнү суранган.

“Конституциялык сотко Конституцияга расмий чечмелөө берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын президентинин сунуштамасы келип түштү. Сунуштамада көрсөтүлгөндөй, кайрылуунун зарылдыгы коомдук-саясий мейкиндикте жана эксперттик чөйрөдө кызуу талкуулардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн, ошондой эле кезектеги же мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоолорду дайындоо тартибин жөнгө салуучу конституциялык жоболорду карама-каршы түшүнүктүн пайда болушу менен шартталган”, – деп айтылган Конституциялык соттун 11-февралдагы маалыматында.

Конституциялык соттун судьялары.

Ушул эле пресс-релизде айтылгандай, президент өз кайрылуусунда Кыргызстандагы юристтердин, укук таануучулардын жана коомдук ишмерлердин ортосундагы карама-каршы пикирлери кеп болуп жаткан маселе боюнча конституциялык-укуктук аныксыздык пайда болгонун көрсөтөт деп белгилеген.

Жапаров 13-февралда "Кабар" улуттук агенттигине берген интервьюсунда Конституциялык сотко кайрылган себебин минтип түшүндүргөн:

Садыр Жапаров

"Мен ар дайым коомдо жаралган күмөн саноолорго жана талаштуу маселелерге мыйзамдуу, так жооп болушу керек деп эсептейм. Бүгүн Кыргызстанда Конституциялык сот бар, дал ушул орган Конституцияга байланыштуу бардык талкууларга, ар кандай чечмелөөлөргө акыркы, так аныктамасын, укуктук баасын бере алат. Ошондуктан бул маселе боюнча Конституциялык сотко кайрылганыбыз укуктук жактан туура жана логикалуу кадам деп эсептейм".

10-февралда парламенттик демократия маселелери жаатында алектенген юрист Таттуубүбү Эргешбаева Кыргызстандын президентинин иш мөөнөтү боюнча расмий түшүндүрмө берүү үчүн Конституциялык сотко кайрылган. Ал президенттик мөөнөт Баш мыйзам менен Жогорку Кеңештин шайлоо боюнча кабыл алган мыйзамында эки башка көрсөтүлүп калганын, мындан улам тактап коё турган жагдай жаралганын белгилеген.

Соңку талаш январдын аягында башталган. Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова “Сереп” басылмасына 29-январда комментарий берип, 2021-жылы жаңы Баш мыйзам кабыл алынган соң кайрадан президенттик шайлоо өтүшү керектигин белгилеген. Ал президенттин жаңы Конституция белгилеген беш жылдык бир мөөнөтү өткөнүн, ошондуктан 2026-жылы шайлоо өткөрсө боло берерин сунуштаган.

Мындан соң бир катар саясатчылар жана юристтер пикирлерин билдирип жатышты.

Мына ушул өңдүү талкуунун фонунда – 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө үндөгөн.

Бул окуядан кийин – 10-февралда Жапаровдун үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан алынды. 11-февралда талаштуу кайрылууга кол койгон бир нече мурдагы жетекчи кармалды. 12-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетип, ордуна Марлен Маматалиев шайланды.

75чилердин каты: Беш саясатчы эки айга камалды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жапырт башаламандыкка айыптап кармаган беш саясатчыны Бишкектин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алды. Алардын бөгөт чарасы 12-февралда каралып, 10-апрелге чейин абакта кармоо чечими чыкканын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ 11-февралда коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш иши козголгон.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан. Кармалган саясатчылар да мына ушул кайрылууга кол койгондор.

Садыр Жапаров 13-февралда “Кабарга” курган маегинде алардын кайрылуусун бөлүп-жаруу катары мүнөздөдү.