Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:15

Президенттин мөөнөтү. Юрист Конституциялык сотко кайрылды

 Таттуубүбү Эргешбаева
Таттуубүбү Эргешбаева

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева президенттин мөөнөтү боюнча Конституциялык сотко кайрылды. 9-февралда 70тен ашык мурдагы жогорку жетекчилер, коомдук ишмерлер өлкө бийлигине кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева Кыргызстандын президентинин иш мөөнөтү боюнча расмий түшүндүрмө берүү үчүн Конституциялык сотко кайрылды. Ал президенттик мөөнөт Баш мыйзам менен Жогорку Кеңештин шайлоо боюнча кабыл алган мыйзамында эки башка көрсөтүлүп калганын, мындан улам тактап коё турган жагдай жаралганын белгилейт.

Анын Конституциялык сотко кайрылуусу маалымат алуу негизинде гана экенин, Жогорку Кеңештин депутаттарына сотко кайрылууну сунуштай турганын белгиледи.

Юрист депутаттар мыйзамдуу укугун колдонуп, маанилүү маселени тактоо үчүн эркин көрсөтүшү керек деп эсептейт.

"2021-жылдын 5-майында жаңы Конституция күчүнө кирди. Баш мыйзамга ылайык президент беш жылга гана шайланат. Өткөөл мезгил деп коёт. Ошол алты жылдык мөөнөт мыйзам менен жөн эле жазылып калган. Бирок Конституциядагы талаптар өйдө турушу керек. Баш мыйзамга тиркелген нормалар императивдүү мүнөздө болот, ага каршы мыйзамдык чара менен доомат коюп, мөөнөттү узартууга мүмкүнчүлүк жок. Бүгүн Садыр Жапаровдун мыйзамдуу мөөнөтү 2026-жылдын январынын акырында бүттү деп санайбыз. Бирок ортодо кандайдыр бир эрктүү саясий кадам болбогондуктан, президенттин мөөнөтү уланууда. Бул канчалык легитимдүү жана туурабы, Конституциялык тараптан белгисиз".

Эргешбаева коомчулукта сөз болуп жаткан мөөнөтүнөн мурда шайлоо саясий туруксуздукту жаратышы мүмкүн деген пикирде.

Кыргыз коомчулугунда 2026-жылы президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу талкуу жүрүп жатат. 2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо утуп чыгып, 28-январда расмий ишке киришкен. Президенттик шайлоо өткөн учурда мурдагы Конституция иштеп турган. Ал Баш мыйзамда “президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайлана алат” деп жазылган.

Былтыр Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, кезектеги президенттик шайлоо 2027‑жылдын 24‑январына белгиленген.

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова буларга токтолду:

"Баш мыйзам менен Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндө мыйзамда баары так жазылган. Бул экөөнүн ортосунда эч кандай дал келбестик, карама-каршылык жок. Биз кезектеги жана мөөнөтсүз шайлоо деген түшүнүк бар экенин эске алалы. Кезектеги шайлоо боюнча баары так жазылган, каршылык жок. Мен баарын кайра карап чыктым, баары так. Анан мындай маселе каяктан чыкканына түшүнбөй турам".

Жогорку Кеңештин ушул мыйзамында Садыр Жапаровдун алты жылдык президенттигин биринчи мөөнөт катары таанып, дагы бир жолу беш жылга бийликке келүү укугу бар деп бекитишкен.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган.

Айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болушканын да айтып чыгышкан.

Бул тууралуу коомдук ишмер Токтогул Сооронбаев мындай түшүндүрмө берди:

"Себеби эски Баш мыйзамда мынча жылдык президенттик, жаңыда мындай деген жерлерди кармап алып, анчейин түшүнбөгөн элди кайра көтөрүп чыгышы мүмкүн деп, өзүбүзчө кеңешип, сунуш киргизели деп чечкенбиз. Бул талап эмес, сунуш. Эмесе ушундай учурда аксакалдар сүйлөбөй койсо, "ой, аксакалдар каякта" деп сынга алып чыгат".

Президенттик шайлоо жана анын мөөнөтү тууралуу Садыр Жапаров өзү комментарий бере элек.

Учурдагы президент Садыр Жапаров кийинки шайлоого катышары буга чейин эле белгилүү болгон. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, кийин маалымат катчысы Аскат Алагөзов да айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG