Жогорку Кеңеш депутаттарга планшет сатып алат

Жогорку Кеңештин депутаттары.

Санариптештирүүнүн алкагында Жогорку Кеңештин 90 депутатына планшеттер алынат. Бул тууралуу парламенттин 18-февралдагы жыйынында спикер Марлен Маматалиев айтты.

Ал президент Садыр Жапаров менен жолугуп, алдыңкы беш жылда Жогорку Кеңеште жасала турган иштер, реформалар боюнча маалымат бергенин билдирди. Спикер өкмөттө жана президенттин администрациясында санариптештирүүнүн алкагында чечимдерди кабыл алуу тездеп, 1 млрд 205 млн сом үнөмдөлгөнүн кошумчалады.

“90 планшет алуу боюнча тапшырма берилди. Эми жума күндөрү материалдар (ред: мыйзам долбоорлору, документтер) сиздерге салынып турат. Анда төрт папка болот. Жалпы жыйындар, комитеттердин отуруму, депутаттык топтордун жыйыны жана ар кандай маселелер деген бөлүмдөр болот. Бул жакшы натыйжа берет”, - деди ал.

Марлен Маматалиев бул кагазга кеткен чыгымды азайтып, иштин тездешине жардам берерин айтты.

Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган. 12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырып, анын ордуна Марлен Маматалиев шайланган. (BTo)

Дагы караңыз

Сулаймановдун ордуна депутаттык мандат Абдуллаевге тийди№13 округдан шайланып келгендерге мандат ыйгарылдыТрамп "Тынчтык кеңеши" Газаны калыбына келтирүүгө 5 млрд доллар бөлөрүн билдирдиЗеленский украиндер Донбасстын Орусияга берилишин эч качан кечирбей турганын билдирдиЖакыпбековдун жакын адамы экени айтылган Дүйшөмбиев эки айга камалдыВебкам иши: Даниел Ажиев президенттин ырайымы менен абактан чыктыЖеневада Украинадагы согушту жөнгө салууга багытталган сүйлөшүүлөр башталдыУКМК мурдагы кызматкерлери кармалганын билдирди