АКШга F, M категориясындагы виза менен баруучу студенттер күрөө төлөбөйт

Иллюстрациялык сүрөт.

Америка кошмо штаттарына F же M категориясындагы виза менен баруучу студенттер виза алуу үчүн күрөө төлөбөйт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, виза алуу үчүн күрөө төлөө талабы B1/B2 категориясындагы ишкерлик жана туристтик виза алууга өтүнүч бергендерге коюлат.

Мурдараак Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШга виза алууда эч кандай алдын ала төлөмдөр жана виза алууга кепилдик жоктугун маалымдаган. Виза үчүн төлөмдөр Бишкектеги элчиликтин расмий шилтемеси аркылуу гана төлөнөрү айтылган.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесин кеңейтип, ага Кыргызстан да камтылган 25 өлкөнү кошкон.

Борбор Азиядан бул тизмеде Кыргызстандан тышкары Тажикстан менен Түркмөнстан бар.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 75 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотуу чечимин да кабыл алган. 75 өлкөнүн арасында Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия, Грузия, Молдова, Сомали, Ооганстан, Иран, Египет, Ирак жана башкалар бар.(ZKo)

Дагы караңыз

CPJ: Былтыр дүйнөдө 129 журналист жана медиа кызматкери каза болдуӨкмөттөгү өзгөрүүлөр: Төрөбаев менен Досмамбетов эмнеден жазды?Дэвид О'Салливан: Евробиримдиктин санкцияcын кыргыз өкмөтү менен талкуулап жатабызМедербек Алиев спикердин биринчи орун басары болуп шайланды Журналисттер, медиа уюмдар президент Жапаровго кайрылуу жолдошту