Ташкент–Ош аба каттамы ачылат

Centrum Air авиакомпаниясынын учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ташкент–Ош багытындагы жаңы аба каттамы 1-апрелден тартып ачылат. Каттамды өзбекстандык Centrum Air жеке авиакомпаниясы Airbus A320 үлгүсүндөгү учактар менен жүргүзөт.

“Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасы билдиргендей, жаңы авиа каттам туруктуу болот. Жумасына эки жолу - шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Учуу узактыгы 1 саат 10 мүнөт. Ал эми авиабилеттердин минималдуу баасы эки тарапка 1,5 млн сумдан (10,8 миң сом же 124 АКШ доллары) башталат.

Маалыматка ылайык, каттамдардын графиги Ташкенттен башка каттамдарга ыңгайлуу туташтырылып түзүлгөн. "Бул Ош шаарынан чыккан жүргүнчүлөргө авиакомпаниянын маршруттук тармагы боюнча башка багыттарга учууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт" деп жазылган анда.

Жаңы каттамдын ачылышы - багыттарды кеңейтүү гана эмес, эки өлкөнүн туризмди, бизнести өнүктүрүү жана коңшулук, достук мамилелерди бекемдөөсүнө кошумча өбөлгө болору белгиленүүдө.

Бишкек–Ташкент багытындагы аба каттамы 2017-жылдан тартып жанданган. Пандемия учурунда токтоп, кийинчерээк кайра ачылган каттам учурда аптасына төрт ирет аткарылат.

2024-жылдан бери жайкы туристтик сезон учурунда Ташкент–Тамчы аба каттамы да аткарылып келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Жаз майрамын утурлай Кыргызстанга 4 млн даана гүл алып келиндиЖер мунапысы: Депутат Бекешев Көк-Жардагы талаштуу жер маселесин көтөрдү ЖАМК Аскат Жетиген айып изоляторунан бошотулганын билдирди5-мартта Омандан кыргызстандыктарды ташыган биринчи учак келетАКШ Иранга жалпы 2 миңдей сокку урганын, анын 17 кемесин жок кылганын билдирди