“Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов мурда соттолгону тууралуу билдирүүнү” социалдык тармактарда анын шайлоодогу атаандашы Алтынбек Токтосунов жарыялап, БШКга арызданган.
Ал президентке, башкы прокурорго, ички иштер министрине, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына жолдогон кайрылуусун Facebook баракчасына жарыялады. Анда Бекмурза Эргешовду депутаттык мандатынан ажыратууну талап кылды.
Алтынбек Токтосунов
“Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы бар. Андагы киргизилген өзгөртүүлөрдүн 3 жана 4-бөлүмдөрүндөгү талаптарга ылайык, мурда соттолгон адам же реабилитацияга жатпаган жүйө менен иши кыскартылган болсо, анда ал талапкерлигин шайлоого коюуга укуксуз. Анын мурда соттолгондугу тууралуу маалыматтарды айрым журналисттер өзүнөн сураганда, ал жооп берүүдөн баш тарткан. Ошондо менде жана башка атаандаш талапкерлерде күмөн ой пайда болгон. Ошол учурда убакыт болгон жок. Кийин менин бир шайлоочум Эргешовдун соттуулугу тууралуу иликтеп бериңиз деп арыз менен кайрылган. Мен адвокат катары иликтөө жүргүзүп, Ош облустук архивинен талап кылдым. Андагы маалыматка ылайык, Бекмурза Эргешов 1997-жылдын октябрь айында камалып, 1998-жылдын апрель айында баңгизат сатуу, ташуу, сатып өткөрүү боюнча Ош шаардык сотунда беш жылга соттолгондугу тууралуу архивдин күбөлөндүрүлгөн өкүмүн алып, маалымат жыйын уюштурдум”, – деди Алтынбек Токтосунов.
Аталган маселени Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) териштирип жатканы белгилүү болду.
Абдыжапар Бегматов
“Бизге келип түшкөн документтердин арасында Ички иштер министрлигинин маалымат борборунан “Кыргызстандын аймагында соттолгон эмес” деген маалымат берилген. Акыркы убактарда социалдык тармактарда соттуулугу бар деген маалыматтарды көрүп жатабыз. Менин билишимче, мамлекеттик органдарга билдирүү жиберилди, алардын жообун күтүп жатабыз. Мыйзамда каралгандай, эгер депутаттын соттуулугу болгон болсо, мөөнөтүнөн мурда анын ыйгарым укуктары токтотулат”, - деди БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов.
Эргешов 2025-жылдын ноябрь айында мөөнөтүнөн мурун өткөн парламенттик шайлоодо №6 округдан талапкер болуп катталып, 14 атаандашынын ичинен 9 миңден ашык добуш алып, экинчи орунга чыккан.
Ал мурда соттолгондугу тууралуу маалыматтар ошол учурда да көтөрүлүп, өзү жооп берүүдөн баш тарткан.
Бул жолу дагы депутаттын өзүнүн пикирин угууга мүмкүн болгон жок. Жардамчылары маалымат бербей турганын айтышты.
"Азаттык" депутатка комментарий үчүн микрофон берүүгө даяр.
Ички иштер министрлиги ал тууралуу тарап жаткан маалыматтын чын-төгүнүн тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 4-мартта социалдык тармактарда "мандатын тапшыра турган депутаттардын тизмеси" деген маалымат тарап жатканын билдирип, аны төгүндөдү. Ал бардык аракеттер мыйзам чегинде гана болушу керектигин белгиледи.
Жогорку Кеңеште депутат мурда соттолгон же соттолбогону тууралуу маселе көтөрүлгөн окуялар буга чейин да катталган.
Жетинчи чакырылыштын депутаты болгон Жалолидин Нурбаев былтыр күзүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын аны талапкер катары каттоодон баш тарткан чечимине каршы сотко кайрылган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Элдар Абакиров ысымы чуулуу иштерде айтылган же кылмыш иштерине аралашкан делген депутаттардын жоопкерчилигин кароо зарыл деп эсептейт:
Элдар Абакиров
“Мен кайсы бир адам жөнүндө айтпай эле турайын. Жогорку Кеңеш элдин көз алдында турган коомдук ишмерлер десек болот. Жаштарга, жалпы элге алардын аракети жугумдуу болот. Ушундай кызматка барганда адам мыйзам жагынан таза болушу керек. Айрым депутаттар бар, мыйзам бузса деле бузбаганын айтып, “пара” берип ишин жаап жүрө берген. Ал туура эмес деп эсептейм, анткени эл баарын билип турат. Эгер кандайдыр бир кылмыш ишине тиешеси болгон болсо, айлыгын кайтарып бериши керек. Мындайларды кайрадан депутат болуп шайлануу укугунан ажыратуу керек”.
Коомдук жана саясий ишмер, парламенттин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков артынан сөз ээрчиген депутаттардын парламентке келишине шайлоочуларды айыптоодо:
Ишенбай Кадырбеков
"Азыркы олтурган депутаттарды жакшы көрсөк да, жаман көрсөк да элдин өкүлдөрү. Мурда соттолгонбу, жокпу, аны ИИМ өзү текшерип, Борбордук шайлоо комиссиясы өздөрү текшеришти. Шайлоочулар убадага эмес, кечээ күнү эмне болгонуна караш керек. Ал соодада же бизнесте, же кайсы бир кызматта жүргөнбү, шайлоочулар ушул жагына көңүл буруш керек. Талапкердин кечээгисин билиш үчүн өткөргөн жолугушууларга барыш керек. Мен бул жолку депутаттарды шайлоодо жоопкерчилик көбүнчөсү элде деп айтат элем. Мурункудай партия менен шайланып келгенде, анда тизмеге карата эле чечилет эле. Бул жолу моралдык да, башка да жоопкерчилик шайлоочулардын өзүндө".
Бекмурза Эргешовдун жашы 52 жашта. “Айыл чарбасын механизациялоо” адистигин окуган. 2012–2021-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон. 2020-жылдын 17-декабрынан баштап Ош шаардык “Жылуулук менен камсыздоо” муниципалдык ишканасынын директору кызматын аркалаган.
2024-жылы Айбек Осмоновдун ордуна Жогорку Кеңешке Ош шаарынан депутат болуп шайланып келген. Ошол учурда Борбордук шайлоо комиссиясы “административдик ресурсту колдонгон” деген жүйө менен Эргешовдун каттоосун жокко чыгарган. Кийин ал соттон утуп, депутат болуп келген.