Токторбаев Ош мэриясынын карызы 2 млрд 200 млн сом экенин айтты

Жеңишбек Токторбаев.

Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев “ал иштеп турганда мэриянын карызы 12 млрд сомго жеткени” тууралуу маалыматтарды четке кагууда. Ал 9-мартта “Азаттыкка” берген маегинде Ошко бөлүнгөн каражат тууралуу да маалымат берди.

Анын сөзүнө караганда, ал Ошко мэр болуп дайындалганга чейин Мамыров, Амир-Тимур, Көкүм бий көчөлөрүн оӊдоого 586 млн сом бөлүнгөн. Ал кызматка киришкенден кийин 2 млрд 200 млн сом бөлүнгөнүн, ага бир катар көчөлөр оӊдолуп, Ошто баш-аягы 100 чакырымга жакын жолго асфальт төшөлгөнүн айтты. Жеңишбек Токторбаев анын ичинен 70 км жолго асфальт төшөө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланганын кошумчалады.

“Мэрияны карызга батырып кетиптир” деген доомат калп. Муниципалдык капиталдык курулуштан подрядчы компанияларга 750 млн сом, Шаардык жол куруу ишканасында 1 млрд 500 млн сомдун тегерегинде карыз бар. Жалпы шаарда аткарылган иштер боюнча подрядчы ишканаларга 2 млрд 300 млн сомдун тегерегинде карыз бар”, - деди ал.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы делген Жеңишбек Токторбаев 18-февралда кызматтан алынган.

Ал жумуштан кеткенден кийин социалдык тармактарда “ал кызматта турганда Ош мэриясы 12 млрд сом карызга батканы тууралуу” маалыматтар тараган. Бул боюнча мэрия, расмий адамдар комментарий бере элек.

Жеңишбек Токторбаев “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болуп шайланган. 2025-жылдын башында Ошко мэр болуп дайындалган. (BTo)

Дагы караңыз

Бахрейндеги мунай заводуна соккудан 32 киши жараат алды Өкмөт малды экспорттоого убактылуу тыюу салдыРеспубликалык кан борборунун мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелип кармалдыПорнографиялык сайттарга бөгөт коюунун тартиби бекитилдиДүйнөлүк базарда мунайдын баррели 100 доллардан аштыКытай Ирандын жаңы лидерин бутага алууга каршы экенин билдирдиЖогорку сот Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" боюнча мурдагы өкүмдү өзгөртүүсүз калтырдыЫрайым менен эркиндикке чыккан Даниел Ажиев эки айга камалдыПрезиденттин Баткендеги мурдагы өкүлү айыл чарба министринин орун басары болду