Журналист Алтынай Арстанбекова кармалганы кабарланды

Алтынай Арстанбекова.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист Алтынай Арстанбекованы кармаганы кабарланды. Бул тууралуу 11-мартта айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазып, ИИМ маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.

Маалыматка ылайык, ага социалдык тармактарда фейк баракчадан чыккан постторго байланыштуу кылмыш иши козголгон. Мунун алдында Фейсбукта эркек кишинин аты менен ачылган баракчаны Алтынай Арстанбекова колдонуп келгени тууралуу билдирүүлөр чыккан.

Ал баракчада бийликти сындаган, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди колдогон постторду көрүүгө болот.

Алтынай Арстанбекова буга чейин Next TV телеканалында иштеген. Акыркы жылдары эркин журналист экенин айтып, Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келаткан. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ Ормуз кысыгында Ирандын мина коюучу кемелерин жок кылганын билдирди Былтыр скутер катышкан жол кырсыктарынан 39 адам каза таптыЧүйдө эки адамды өлтүрүүгө айыпталып төрт шектүү кармалдыУлуттук банк валюта базарына 140 млн доллар саттыСадыр Жапаров УКМКдан жабыр тарттым деген ишкерлердин арыздары караларын айттыМатраимовдун өкүл баласы Сайпидиновдун иши сотто карала баштадыДепутат Кожокулова сотторго басым кылбоого чакырды, президент ага жооп бердиЖогорку Кеӊештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалдыТИМ: Жакынкы Чыгыштан кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда