Мындан сырткары УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери, арыз-даттануулар каралып чыгарын, коррупцияга каршы күрөш уланарын айтып, анын алкагында мамлекетке алынган мүлктөрдүн тизмесин жарыялоого убада берди. Президенттин парламенттеги депутаттар менен ачык диалог түзүү аракети УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенине бир ай өткөн учурга туш келди. Депутаттар бийлик бутактары ортосунда мындай диалог зарыл экенин белгилешсе, эксперттер президентке ыңгайлуу эмес коомдогу талылуу, курч маселелер көтөрүлбөгөнүн белгилеп жатышат.
"Бөлүнүп-жарылбагыла"
Президент Садыр Жапаров парламентте жаңы дайындалган министрлер ант бергенден кийин билдирүү жасап, сөзүн депутаттардын арасында "элди бөлүп-жарган" аракеттер болуп, убагында токтотуп калышканы" менен баштады. Мамлекет башчы депутаттарды “элди бөлүп-жарбоого” чакырды.
“Жакында Жогорку Кеӊеште бир окуя болду. Аны баарыӊыздар жакшы билесиздер. Айрым депутаттар “тигил тарап, бул тарап” деп бөлүүгө аракет кылышты. Бирок убагында токтотуп калдык. Мага элдин элегинен өтүп шайланып келген эл өкүлдөрү - сиздер ушинтип отурсаӊыздар карапайым эл каякка барат деген ой келди. Ошондуктан мындан ары андай терс иштерди жасабайлы. Бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат”, - деди ал.
Мамлекет башчы акыркы беш жылда өлкөдө түндүк-түштүк деп бөлүнүүнү жок кылуу үчүн акимдерди, сотторду ротация кылып, ал жыйынтыгын берип жатканын кошумчалады. Коррупция, уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү уланарын айтты.
"Коррупцияга жол жок. Башынан эле коррупция менен уюшкан кылмыштуулукка өчпүз. Эч кимди аябайбыз. Бир тууганым болсо дагы аябайм. Бирок менин бир туугандарым, бала-чакам мамлекеттик кызматтарда иштебейт, мамлекеттик мекемелер менен иш алып барбайт. Ошондуктан менин санаам тынч. Адам өлтүргөн кылмышкерден коррупционер коркунучтуу. Анткени кылмышкер бир адамды өлтүрсө, коррупционер бүтүндөй мамлекетти талкалайт. Ошондуктан коррупция менен күрөшүүдө баарыңыздар жардам бериңиздер. Бийлик тараптан уурулук, коррупция болсо, көрүп-билип турсаңар трибунадан ачык айтып тургула. Бул силердин мага көрсөткөн жардамыңыздар гана болот. Эч кимден коркпогула, мен силер тарапта болом, силерге болушам, коргойм", - деди Жапаров.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Бөлүнүп-жарылбагыла". Прездидент Жапаров депутаттарга кайрылды
Депутаттардын суроолоруна жообу
Келечекте мамлекеттик ишке кызматкерлерди бекитүү кадрлардын жерлигине эмес, билимине карай тандаларын айткан Жапаров өзгөчө кырдаалдар министрин дайындоодо маселе жаралганына токтолду.
"Бир эле мисал, кечээ өзгөчө кырдаалдар министрлигине он талапкер сунуштасам, тогузун коррупционер деп чыгышты. Аны сунуштасаң деле "ал бул ишке аралашкан, бул схемщик, бул андай, тиги тигиндей" деп. Таза кадр барбы, Кыргызстанда калганбы дедим".
Президент билдирүүдөн соң парламент депутаттарынын суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Бийликке келгени бир гана жолу маалымат жыйын өткөрүп, парламентте деле депутаттарга кайрылуу менен чектелген Жапаров азыр депутаттар менен ачык диалогду ишара кылгандай.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева өлкөдөгү соңку саясий окуялардан кийин ишкерлерден Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу кайрылуулар түшүп жатканын, көбү укук коргоо органдарына арыз жазуудан чочулап жатышканын билдирди.
Элвира Сурабалдиева
"УКМК мамлекетке өткөн мүлктөрдүн тизмесин жарыялашы керек. Ишкерлерден канча мүлк алынды, алардын канчасы өз эрки менен өттү жана канчасы мажбурлоо жолу менен. Андан тышкары ошолордун ичинен чын эле мамлекетке канчасы алынды? УКМКнын кызматкерлери мүлктөрдү өздөрүнө, туугандарына каттатып алганы ачык айтылып жатат”, - деди ал.
Садыр Жапаров УКМК, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилерине ишкерлерден арыз түшсө калыс текшерип, адилет чечим кабыл алуу тапшырмасы берилгенин айтты.
“Жарымын өзүнө алып, жарымын мамлекетке өткөргөн” деген сөздөрдү да иликтеп көргүлө дедим. Ким жарымын чөнтөгүнө алып алган болсо кайра мамлекетке өткөргүлө дедим. Акчасын, мүлкүн, бизнесин тарттырып жибергендер болсо кайра кайтарып бергиле дедим. Азыр ошонун үстүндө иш жүрүп жатат. Ал эми мамлекетке өткөн мүлктөр жылдын аягына чейин ревизия болуп бүтөт. Ошондон кийин чыгарабыз”, - деди президент.
Ошондой эле Жапаров Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстанда митинг-пикеттерге тыюу жок экенин кайталады. Эл өкүлү Бишкекте Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган тынч акция өткөнүн, кыз-келиндердин ой-пикирин билдирүүгө каршылык болбошу керек экенин айткан.
Мамлекеттик ипотекалык компанияга айтылган сын
Мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишине учкай токтолуп, быйыл Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй, Бишкекте 20 миңге чукул үй-бүлөгө батир берилерин билдирди. Жапаровдун айтымында, компаниянын уставдык капиталы 2 млрд долларга жеткен.
"Депутаттардын МИК үстүнө эмнеге акча кошот, жер бекер болуп атса, өз баасында эле бербейби деген сын-пикирлерин дагы уккам. Эгер үстүнө акча кошпой өзүнө бере берсек, жыл сайын бюджеттен акча берип турушубуз керек. Компания 10-15 жылда банкрот болуп, кийин элге үй салып бере албай калат. Азыр анын уставдык капиталы 2 млрд долларга жетти. Быйыл Улуттук банктын 400 млн таза кирешесин дагы ипотекалык компанияга бердик. Анын 200 млн түндүккө, 200 млн түштүккө бөлүп, салынып жаткан үйлөрдү аягына чыгарып, жаңыларын салуу үчүн бөлүнгөн. 4% деген бул кагаз, айлык, компьютер деген сыяктуу чыгымы гана. Ал жакта 100дөн ашуун киши иштейт. 200-300 доллардан кошуп берип жатканыбыз 25 жылдык инфляцияны толук болбосо дагы жарым-жартылайын жаап турсун деген кошумча. Ошого деле ыраазы болуп алып жатышат жөнөкөй эл. Албетте, бул жеке жактарга караганда арзан, алар 2-3 миң долларга чейин бүтө элек батирди берип жатат. Биз ачкычка чейин деп Мамлекеттик ипотекалык компания буйрутма берип салдырат. Тарифти коюп бергенбиз, аймактарда чарчы метри 750 доллар, Чүй, Бишкек 700 доллар. Анткени аймактарга арматура менен цементти ташып баруу оор экен. Алар салгандан кийин ипотекалык компанияга тапшырат. МИК 950-1000ден ашыгыраак кылып кошуп берип жатат 25 жылга. Бул жерде дагы Каныбектин аты чыгат, "Туманбаев эле жыргап атат, салып атат" деп. Кимдин курулуш компаниясы болсо мага келиңиздер, мен алып берем жерди. Ошол суммага бүтүрүп бериңиздер".
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова президент Садыр Жапаровду сот системасын реформа кылууга чакырды.
“Биз соттордун кураторлорун жок кылуу боюнча маселени чече алабызбы? Соттордун өздөрү УКМКнын кызматкерлери куратор экенин айтып жатышат. Мен аты-жөндөрүн билбейм, бирок соттор өздөрү айтып жатышат”, - деди ал.
Садыр Жапаров депутатты “сотторду көзөмөлдөйт” делген адамдардын атын так атоого чакырып, азыр мындай кураторлор жок экенин айтып, ошол эле кезде, мындай адамдар буга чейин болгонун да билдирди.
“Буга чейин болгон, моюнга алыш керек. Болуптур. Анын баарын билдим. Мындан ары андай жок. УКМК, ИИМ, прокуратура ар ким өз ишин аткарат. Мурда администрациянын бөлүм башчысы өзү сот, өзү прокурор, өзү милиция болчу. Биз аны деле көрбөдүкпү. Азыр андай жок”, - деди президент.
Садыр Жапаров тиешелүү адамдарга сотторго буйрук берип, алардын ишине кийлигишпегиле деген талап коюлганын, судьялар эч кимге чалып тапшырма бербей турганын кошумчалады.
Соңку беш жылда, Жапаров президент болуп келгенден бери парламентте билдирүү жасаганы менен, депутаттардын суроолоруна жооп берген эмес. Башка президенттердей болуп жыл жыйынтыгын чыгарып, коомдо жаралып жаткан талылуу маселелер боюнча журналисттердин суроолоруна дагы жооп бербейт. Бул вазийпаны Элдик курултай аткарып жатканын, аны эл кызыккан суроолорго жооп алуучу аянтча катары дагы белгилеп жүрөт.
Президентке лоялдуулук көрсөтүүгө умтулуу байкалды
Акыркы жылдары Жогорку Кеңештин дарегине катуу сын айтылып, коомчулукта парламент бийликке толук көз каранды болуп бүттү деген сын-пикир көп айтылып келет. Саясат талдоочу Эмил Жороев парламент көз карандысыз бийлик бутагы катары өзүнүн милдетин так аткара албай жатат деген көз карашты кармангандардын бири. Ал президенттин билдирүүсүндө УКМК, мүлктөр боюнча орчундуу маселелер көтөрүлгөнүн, бирок ага так жана кескин жооп берилбей, айрым суроолор ачык калганын билдирүүдө.
Эмил Жороев.
"Депутаттардын суроолорунан жана сөздөрүнөн, президенттин дарегине айтылган мактоолорду алып карасак парламент буга чейин кандай болсо ошондой бойдон эле. Өз алдынча болуп бир-эки актуалдуу, аз-маз гана ыңгайсыз суроо болбосо, негизинен өтө ыңгайлуу, жумшак суроолор болду. Президентке лоялдуулугун көрсөтүүгө умтулган тонду байкадым. Депутаттын, парламенттин аброю тууралуу дагы сөз болду. Чындыгында эл өкүлдөрүнүн ар кандай окуяларын көрүп жатабыз. Президентке берип жаткан суроолорун караганда деле майдараак, тармактык маселелерди айтышканы орунсуз болду. Бул жерде президент үйдүн кожоюну катары, депутаттардан өйдөрөөк, манилүүрөөк институт катары көрүндү".
Талдоочу мындай ачык диалогдор дайыма болуп турушу зарылдыгын белгиледи:
"Бул башталышы болсун дейли. Диалог абдан дефицит болгон көрүнүш. Диалог деген бири-бирин мактап, президент мырза сизди сыйлайбыз, колдойбуз дегендин мааниси жана пайдасы дагы жок. Президент өзү айдоочулук күбөлүк жана ушул багытта реформалар жөнүндө бир аз сын көз карашты айта кетти, бут тосуулар болгон дегендей. Ошол маселелерде диалог болсо элге дагы түшүнүктүү болмок. Азыр президент өзүнүн авторитетине салып бул реформа уланып жатат, бирок элдин арасында суроо ачык бойдон калды. Диалог болсо ушундай нерселер болмок эмес, дилог болсо УКМКнын азыркыдай дооматка жетмек эмес. МИК боюнча дагы диалог болсо элде кеңири маалымат болмок. Диалог болгондо туура эмес нерселерди гана алдын алуу же жокко чыгарууга мүмкүн болот. Бул эркин, тең ата, керек болсо сын, ыңгайсыз болгон диалог керек. Албетте, бул негизинен аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосунда болушу керек".
Эрулан Көкүлов
Ушул эле жыйында депутат Эрулан Көкүлов парламенттин аброю түшүп кеткенин, депутаттардын кадырын көтөрүп берүүнү президенттин суранды. Мамлекет башчы бул маселе президенттен же министрлерден көз каранды эмес экенин айтты.
"Депутаттардын кадырынын түшүп кетиши министрден же президенттен эмес. Ар бир депутаттан, өзүңөрдөн. Майда-чүйдө маселени көтөрүп, болор-болбос бир нерсе менен уят болуп жатсаңар элдин алдында, анан эл кантип сыйлайт? Депутат деген орчундуу, эл үчун, мамлекет үчүн, жалпы маселени көтөрүш керек. Ал өзүңөрдөн эле", - деп жооп берди президент Жапаров Көкүловго.
Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кайрылууда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Акыркы саясий окуялардын фонунда Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.