Жакынкы Чыгыш: Трамп Харг аралындагы "бардык аскердик бута" жок кылынганын айтты

Харг аралындагы мунай ишканалары.

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ирандын Харг аралында "бардык аскердик буталарды толугу менен жок кылганын", бул "Жакынкы Чыгыш тарыхындагы эң чоң бомбалоонун бири" болуп калганын, ал жерде өлкөнүн эң ири мунай терминалы жайгашканын Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 14-мартта билдирди. Ал өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүндөгү баракчасына:

"Бир нече мүнөт мурун менин көрсөтмөм менен Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук командачылыгы Жакынкы Чыгыш тарыхындагы эң катуу бомбалоонун бирин ишке ашырып, Ирандын бермети болгон Харг аралындагы ар бир АСКЕРДИК бутаны толугу менен жок кылды. Биз дүйнөдөгү эң кубаттуу жана мыкты курал-жаракка ээбиз, бирок адеп жагын эске алып мен аралдагы мунай инфраструктурасын жок кылбоону чечтим", - деп жазды.

Бирок Трамп эгерде Иран же башка бирөө Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин эркин жана коопсуз өтүшүнө тоскоол болгон кандайдыр бир аракет көрсө "бул чечимди дароо кайра карап чыгарын" эскертти.

"Иран эч качан өзөктүк куралга ээ болбойт жана Америка Кошмо Штаттарына, Жакынкы Чыгышка же, жалпысынан, дүйнөгө коркунуч келтире албайт!" - деп жазды Трамп.

Узундугу 8 чакырым, туурасы 4-5 чакырымды түзгөн, Перс булуңунда жайгашкан Харг аралы Ирандын экспортко жөнөтүп жаткан мунайынын 90% жүктөп кетүүдө абдан маанилүү аймак болуп эсептелет. Калкынын саны болжол менен 10 миң адамды түзгөн аралда жыл сайын 950 миллион баррел мунай иштетилет. Ал Ирандын жээгинен 24 чакырым жана Ормуз кысыгынан 480 чакырым түндүктө жайгашкан.

Аралга жасалган соккудан келтирилген зыян тууралуу азырынча расмий маалымат жарыялана элек. Иран эгерде энергетикалык инфраструктурасына сокку урулса аймактагы АКШ менен байланышкан мунай объектилерине чабуул коюларын эскертүүдө.

Иран бийлиги эгер АКШ анын мунай жана башка энергетикалык инфраструктурасына кол сала турган болсо "региондогу бардык тиешелүү америкалык объектилер жок кылынат" деп коркутту. Бул тууралуу өлкө жетекчилигинин өкүлү англис тилиндеги мамлекеттик Press TV телеканалына билдиргенин dpa агенттиги 14-мартта маалымдады.

Ал тапта Пентагон Жакынкы Чыгыштагы аскерлерин күчөтө баштаганы айтылууда. Трамп өткөн аптада убада кылгандай эле, ал жакка деңиз жөө аскерлеринин бөлүктөрү жайгашкан жаңы десанттык кеме жөнөтүлдү.

Кошмо Штаттардын Коргоо министрлигиндеги жооптуу кызматкерлер 13-мартта "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, Пентагон жөнөткөн USS Tripoli десанттык кемесинде болжол менен 2500 адамдан турган контингент жайгашкан.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу маалымат алуу үчүн Ак үйгө да кайрылып, бул боюнча Жакынкы Чыгыштагы америкалык күчтөрдү башкарган Борбордук командачылык маалымат бере алат деген жооп алды, бирок азырынча аталган мекемеден комментарий бериле элек.

Дагы караңыз Ирандын жетекчилери аба соккуларга карабай Тегерандагы жүрүшкө чыгышты

Axios басылмасы да деңиз аскерлеринин жайгаштырылышы тууралуу кабарлап, Пентагон аймакка USS Robert Smalls башкарылуучу ракеталык крейсерин жана USS Rafael Peralta башкарылуучу ракеталык эсминецин жөнөтүп жатканын билдирди.

13-мартта Fox News телеканалына курган маегинде Трамп "Биз кийинки жумада аларга абдан катуу сокку урабыз", - деп билдирген.

Кийинчерээк ал социалдык медиадагы дагы бир билдирүүсүндө Иран "толук жеңилгенин, келишим түзгүсү келип жатканын, бирок ал кабыл ала тургандай келишим жок экенин" жазды.

Трамп мурда маанилүү Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү кемелерди Ирандын кол салуусунан коргоо үчүн АКШ аларды коштоп жүрүүгө даяр экенин айткан. Ушундай эле кадамга даярдыгын башка да Батыш өлкөлөрү билдиришкен.

Кийинчерээк АКШнын Аскер-деңиз флоту танкерлерди качан коштоп жүрө баштай турганы тууралуу суроого Трамп журналисттерге: "Бул жакында болот", - деп жооп берген, бирок так мөөнөттү айткан эмес.

Абал турукташкандан кийин Ормуз кысыгында кеме коопсуздугун камсыз кылуу үчүн коалиция түзүү планын Франция да караштырып жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги француз өкмөтүндөгү кеминде эки расмий өкүлдүн айткандарына таянып жазды.

Мунай азыктарынын наркы жогорулап жаткан шартта Европа өлкөлөрү Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү кемелерин коргоонун жолдорун издеп жатышат. Айрым маалыматтарга караганда, Франция өзүнүн кемелеринин суу жолу аркылуу коопсуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн Италияга окшоп Иран менен дипломатиялык келишим түзүүгө аракет кылууда.

Reuters агенттиги өз булактарга шилтеме жасап, Иран Индиянын эки газ танкерине кысык аркылуу өтүшүнө уруксат бергенин билдирди.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку урган. Түрдүү чабуулдар токтой элек.

12-мартта Ирандын мамлекеттик телеканалынын алып баруучусу жаңы жогорку лидер аятолла Можтаба Хаменеинин алгачкы билдирүүсүн окуп берди. Бийликти атасынан мурастап алган кенже Хаменеини эксперттер кеңеши жогорку кызматка 8-мартта тандаган.

Ал Иран согушка чейинки убакта дүйнөлүк мунай жана газ менен камсыздоонун олуттуу бөлүгү өтүп турган Ормуз кысыгын жаап турарын билдирди. "Эл бизден натыйжалуу коргонууну улантууну жана душманды өз аракеттерине өкүндүрүүнү талап кылат. Ормуз кысыгын жаап салуу куралын колдонууну улантуу керек", - деди Хаменеи билдирүүсүндө.

Кара май ташуунун маанилүү жолу болгон Ормуз кысыгы дээрлик толугу менен жабылгандан кийин Перс булуңундагы өлкөлөр мунай өндүрүүнү азайтып, баалар кескин көтөрүлүп кетти.

Дагы караңыз ТИМ: Жакынкы Чыгыштан кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда

Жакынкы Чыгышта жаңжал уланып жаткан шартта америкалык май куюучу KC-135 учагы Ирактын батышында кулап түшкөндө экипаждын төрт мүчөсү каза тапты. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 13-мартта билдирди.

“Борттогу алты кишинин төртөө набыт болгону тастыкталды, куткаруу иштери уланууда”, - деп жазды CENTCOM социалдык тармактагы постунда.

Маалыматка караганда, кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө, учак душмандын же өнөктөштөрдүн кокустан аткылоосунан кулабаганы аныкталды. Болжолу менен эки учак асманда кагылышып кеткен.

Командачылык экинчи учак аман-эсен Израилге конгонун билдирди. KC-135 башка учактарга асманда май куюу миссиясын аткарат.

2-мартта америкалык аскерлер үч F-15 истребители Кувейтте кулаганын, аларды ал өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү жаңылыштык менен атып түшүргөнүн билдиришкен. Экипаждардын алты мүчөсү парашют менен түшүп үлгүргөн, кийин куткаруучулар аларды табышкан.

Дагы караңыз Можтаба Хаменеи алгачкы кайрылуусунда Ормуз кысыгын бөгөттөө уланарын айтты

Ал тапта АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Ирандагы мектепке болгон кандуу соккуну иликтеген жооптуу адамды дайындады. Ал Борбордук командачылыкка (CENTCOM) кирбейт. Хегсет анын атын атаган жок, бирок окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн иликтөө “канча зарыл болсо ошончо убакытка созуларын” белгиледи.

Каргаша 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы сокку баштаган күнү Минаб провинциясында болгон. Жергиликтүү бийлик бери дегенде 175 киши, арасында 168 бала өлгөнүн билдирген.

Расмий булактар алдын ала далилдерге шилтеме менен кабарлагандай, АКШнын күчтөрү чалгынчылардын эскирген маалыматына таянып сокку урган. Бирок алар бул баштапкы гана жыйынтык деп эскертишет.

The New York Times америкалык аскерлер кыздар мектебинин жанындагы ирандык базаны бомбалаганын, мурда окуу жайдын имараты анын бир бөлүгү болгонун жана бутага алганда эски координаттар колдонулганын жазган.

Президент Дональд Трамп чабуул үчүн Иран өзү жооптуу болушу мүмкүн деп болжолдогон. 11-мартта ал окуя тууралуу кеңири кабардар эместигин, бирок иликтөөнүн жыйынтыгын кабыл аларын билдирди.

Сокку тууралуу отчет жакынкы күндөрдө Конгресске сунуш кылынары кабарланган.