Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Күзөт жана конвой департаментиндеги 1-батальондо аскердик мөөнөтүн өтөп жаткан жоокерде кургак учук аныкталып, ал ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жоокердин илдети санитардык бөлүмдө аныкталган, кийинчерээк анализдер да ооруну тастыктаган. 16-мартта бейтап жоокер Улуттук фтизиатрия борборуна дарыланууга жаткырылды.
Учурда ЖАМКнын медициналык кызматы бөлүктөгү бардык аскер кызматкерлерин, жоокерлерди текшерип, эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүүдө.
Марттын башында Кыргызстанда 18 жашка толгон, аскерге баруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга укуктары жок жарандарды милдеттүү түрдө аскердик кызматын өтөөгө чакыруу башталган. Мыйзам боюнча, аскерге милдеттүү жарандардын саламаттыгы аймактык аскер комиссариаттарында кылдат текшерилип, дени сак жарандар гана кабыл алынышы керек.(ZKo)