Казакстандын Борбордук референдум комиссиясы добуш берүүгө катышкан элдин 87,15% Конституциянын жаңы редакциясын колдоп добуш бергенин жар салды. 898 миңден ашуун адам же 9,8% каршы добуш берген. 146 миңден ашуун бюллетен жараксыз деп табылды.
Жекшембидеги референдумга расмий маалымат боюнча шайлоочулардын 73% келди.
16-мартка оогон түнү президент Касым-Жомарт Токаев "жарандар биримдиктин ачык үлгүсүн көрсөткөнүн" билдирди.
«Казакстан жаңы Конституциянын пайдасына өзүнүн тарыхый тандоосун жасады. Муну менен биздин эл добуш берүүнүн жүрүшүндө Казакстандын тагдырын жана тарыхынын мындан аркы багытын аныктады. Силердин эрк билдиргениңер дүйнөлүк летописте түбөлүк калат, анткени ал биздин мекендештерге мүнөздүү патриоттуулуктун чыныгы символу болуп калды», — деди Токаев.
Ал эми 15-март Конституция күнү болуп каларын айтты. Буга чейин Казакстан 29 жыл бою Баш мыйзам күнүн 30-августта белгилеп келди. 1995-жылы ушул күнү "назарбаевчил" деп аталган Баш мыйзам референдумдун негизинде кабыл алынган. Андан кийин башкы мыйзамга бир нече ирет негизинен мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин ролу менен укуктарын бекемдеген өзгөртүүлөр киргизилди.
Эң маанилүү өзгөртүү Январь окуяларынан кийин Токаевдин демилгеси менен өткөн референдумда киргизилип, Назарбаевдин таасири алсырады.
Ошол кезде Конституциядан тунгуч президенттин ысымы алынып эле тим болбостон, парламентке шайлоодо өзүн-өзү көрсөтүү тажрыйбасы киргизилди. Президент жети жылга бир эле жолу шайланары жазылып, анын жакындарына мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө тыюу салынган.
Ошол кезде Токаев мындан ары Баш мыйзам өзгөртүлбөйт деп айткан. Бирок 2025-жылы күзүндө ал конституциялык реформаны сунуштап, "жашоо ордунда турбайт" деп айтты.
Ушул жылдын январь айында Токаев өлкөдө жаңы Конституция кабыл алуу зарылдыгын билдирип, конституциялык реформа боюнча комиссия түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.
Комиссия курамына аткаминерлер, депутаттар жана коомдук өкүлдөр кирген.
31-январда преамбуладан жана 11 бөлүмдөн, жалпысынан 95 беренеден турган жаңы Конституциянын тексти жарыяланган. Документ толукталып, референдум 2026-жылдын 15-мартына белгиленген.
15-марттагы жараян кармоолор менен коштолду.
Эртең менен Астанада казак президенти Касым-Жомарт Токаев барган тилкеде бир нече журналист кармалды. Токаев журналисттердин суроолоруна жооп берип, жаңы редакция кабыл алынары күмөнсүз экенин айткан соң кабарчылар кое берилди.
Таң эрте "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Жолдас Орисбай Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумду чагылдыруу үчүн Астанадагы Окуучулар сарайына барган. Анын жанында керектүү документтери тек-жайын тастыктаган документи, аккредитациялык картасы жана редакциянын тапшырмасы бар экенине карабай полиция аны шайлоо тилкеси ачылгандан жарым саат өткөндө, 7:30да кармап кеткен.
"Мени менен кошо дагы үч адамды алып кетишти, экөө журналисттер, бири "Азаттыктын" мурдагы кабарчысы Сания Тойкен да бар. Бизди полиция бөлүмүнө алып барып, тергөөчүлөргө өткөрүп беришти", - деп эскерет Жолдас Орисбай. "Бизди өзүнчө суракка алышты. Алар менден эмне максатта келгенимди сурашты. Мен ал жерде редакциялык тапшырма менен келгенимди айттым. Тергөөчү телефонума тарткан видеону өчүрүүнү талап кылды. Редакция жана адвокатым менен байланышууну сурансам да, алар мага телефонумду беришкен жок. Саат 11де мени Окуучулар сарайына алып келишти, ошондон кийин гана телефонумду кайтарып беришти".
Кармалган башка адамдардай эле Орисбайга эч кандай айып тагылган эмес.
Журналисттерди суракка алып кетишкенде, Конституцияны өзгөртүүнү сунуштаган, тиешелүү мыйзам долбоорунун негизги авторлорунун бири болгон президент Касым-Жомарт Токаев Окуучулар сарайында добуш берди.
Токаевдин билдирүүсү, Назарбаевдин реакциясы
Андан кийин Токаев журналисттерге брифинг өткөрүп, анда расмий түрдө кабыл алына элек Баш мыйзамдын долбоорун "жаңы Конституция" жана "адилеттүү Казакстандын Конституциясы" деп атады.
Президенттик телерадио комплексинин курамына кирген "Жибек жолу" телеканалынын кабарчысы Токаевден конституциялык түзөтүүлөр бийликти өткөрүп берүүгө даярдануу максатында киргизилип жатат деген эксперттердин божомолдоруна кандай комментарий берерин сурады. Саясий байкоочулар бул божомолдорду вице-президент кызматын киргизүү сунушуна негиздешет. Долбоорго ылайык, бул адам президент тарабынан дайындалат жана ал каза болгон же өз ыктыяры менен кызматтан кеткен учурда мамлекет башчысынын милдетин аткарат.
«Вице-президенттик кызмат ордунун айланасында ар кандай сөз айтылып жатканын билем. Чынында эле, мындай кызмат бир катар чет өлкөлөрдө бар. Айрым эксперттер Казакстанда бийлик үчүн атаандаштык күчөп, ар кандай тынчсыздандыруучу тенденциялар күчөп баратат деп эсептешет. Бирок, бул коомго терс таасирин тийгизет деп коркууга эч кандай негиз жок. Вице-президенттин кызмат ордун түзүү мамлекеттик бийлик институттарын бекемдейт, келечекте ага ынанабыз», - деп жооп берди Токаев.
Ал президенттик шайлоонун убактысы жөнүндө да соболдорго жооп кайтарды.
«Кийинки президенттик шайлоолор азыркы Конституцияда белгиленген мөөнөттө, 2029-жылы өткөрүлөт», - деп кошумчалады Токаев.
Президент ал 2029-шайлоодо талапкерлигин коебу, жокту тактаган жок.
Reuters агенттиги мурда билдиргендей, конституциялык түзөтүү Токаевге азыркы мөөнөтүн кайра карап чыгып, кайрадан ат салышууга мүмкүндүк берет.
Ошол учурда Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Астанадагы опера театрында добуш берип жаткан. Аны басма сөз катчысы Айдос Укибай коштоп жүрдү.
Шайлоо тилкесинин тосмосунун артында турган кабарчылар: "Сиздин Конституцияңыз кайра жазылып жатат. Эмне дейсиз?" - деп суроо беришти.
Мурдагы президент бул суроого жооп берген жок.
Кийинчерээк анын расмий Назарбаев "өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий реформалар боюнча өз пикирин билдиргени" айтылды.
"Мен бул Конституция биздин Казакстандын, элибиздин жыргалчылыгы үчүн иштешин каалайм", - деп жазылган анда.