28-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
27-мартта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаай. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 24…26° жылуу болот.