Шаардык сотто ишти судьялар Адис Момуналиев, Сүйүнбек Бекташов жана Нурлан Эсенбаев карашты. Айыпталуучулар акыркы сөзүн айтышты.
Жыйынтыгында соттор коллегиясы райондук соттун актоо өкүмүн колдогон чечимин окуду.
25-марттагы соттук отурумда бул иш боюнча акталган ондон ашык саясатчы, активист жана укук коргоочу суралган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту өкүмүн 2024-жылдын 14-июнунда жарыялаган. Анда 27 кишинин 22сине актоо өкүмү чыккан.
Алар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев жана Мамбетжунус Абылов.
Булардын арасынан камакта, Бишкектин тергөө абагында отурган сегиз киши сот залынан бошотулуп, эркиндикке чыккан. Алар: Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов. Калган айыпталуучулар буга чейин ар кандай жагдайда үй камагына чыккан.
Айыпталуучулардын баары күнөөсү жок экенин айтып келатышат.
Биринчи май райондук сотундагы актоо өкүмүнөн кийин прокуратуранын апелляциялык арызынын негизинде иш Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн. Бул мекемедеги процесс 1 жыл 8 айдан бери уланды.
Алгачкы актоо өкүмү чыккандын эртеси, 2024-жылдын 15-июнунда президент Садыр Жапаров комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.
"Кемпирабадчыларды" биринчи инстанцияда актаган Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков кийин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болду. Ал иштен эмне себептен кетип жатканы айтылган эмес. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Сыдыков кызматтан кетпегенин билдирген. Интернеттеги ачык булактардагы соңку маалыматта ал Чүйдүн Аламүдүн районунун судьясы деп жазылып турат.
Дагы караңыз “Кемпирабадчыларды” актаган судья Сыдыков кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыКемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын арасынан Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши ага чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши өзүнчө каралып жатканы айтылган.
27-мартта шаардык соттун актоо чечими 21 кишиге карата чыкты. Себеби райондук соттон акталган 22 кишинин бири - активист Илгиз Шаменовдун (Илгиз Сарылдык уулунун) иши ал "катуу ооруп жатканына байланыштуу" деген негизде өзүнчө карамай болгон.
Айыпталуучулардын арасынан азыркы тапта саясатчы Равшан Жээнбеков гана камакта, ал Кой-Таш окуясы боюнча өткөн жылдын июнь айында камакка алынган. 27-мартта Кемпир-Абад иши каралган отурумга аны да алып келишти. Актоо чечими жарыяланып, сот залынан чыгарып кетип жатышканда Жээнбеков "Күнөөлүү эмеспиз!" деп билдирди.
25-марттагы отурумда ал президентке кайрылып, УКМК буга чейин козгогон иштерди карап чыгууга чакырган. Жаза аткаруу кызматынын ишмердүүлүгүн текшерүү керектигин айтып, буга жабык жайларда адам укуктары бузулуп жатат деген жүйөсүн келтирди, атайын комиссия түзүүнү сунуштады. Саясатчынын мындай чакырыгы Камчыбек Ташиев УКМК төрагылыгына алынып, бийлик атайын кызматты реформа кылууну убада кылган учурга туш келди.
Дагы караңыз Кемпир-Абад иши: Тараптар жарыш сөзгө чыгат, Жээнбеков бийликке кайрылды“Кемпир-Абад иши” деп аталып калган сот жараяны Кыргызстандын соңку тарыхындагы чуулгандуу саясий процесстердин бири.
Кыргызстан да, Өзбекстан да эгемендик алгандан берки жылдары ортодогу чек ара тилкеси такталып бүтө элек болгондуктан түрдүү окуялар катталып келген.
2021-жылы 24-25-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Ташкентке барып, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйынына катышып келгенден кийин президент Садыр Жапаровго маалымат берип, анда чек аранын калган тилкелери боюнча бардык маселелер жер тилкелерин айырбаштоо принциби менен каралып чыкканын айткан. Жапаров чек ара боюнча чечимди тарыхый кадам деп баалаган.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар акталды
Бийликтин Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча билдирүүлөрүнөн кийин 2022-жылы бир катар нааразылык акциялары өткөн. Өзгөндө жергиликтүү активисттер суу сактагычтын жанына боз үй тигип, жыйын, жүрүштөр Бишкекте да уюштурулган. Милиция алардын айрымдарын суракка алган. Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришкен. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. “Бириккен демократиялык кыймыл” (БДК) оппозициялык уюму нааразылыгын билдирген.
Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында 2022-жылдын 15-октябрында бир катар оппозиционер саясатчы катышкан элдик курултай өтүп, резолюция кабыл алынган жана Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөнү маалым болгон. Бир апта соң алгачкылардан болуп саясатчы Азимбек Бекназаров атайын кызматка суракка чакырылган. 23-октябрда бул маселе тууралуу оюн ачык билдирген оппозиция өкүлдөрү, активисттер жапырт суракка чакырылып, үйлөрү тинтилип, камакка алына баштаган.
Кийин маалым болгондой, 22-мартта Бишкектеги Casa Italia кафесинде суу сактагычтын жеринин тагдырына байланыштуу чогулгандарды жашыруун аудиого жаздырып алышкан жана ошондо айтылган сөздөр кылмыш ишин козгоого жол ачкан себептердин бири болгону айтылган.
Кылмыш иши “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен козголуп, 2023-жылдын январында “жашыруун” деген гриф коюлган.
Ишти ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тергеп, ошол жылдын июнь айында сотко өткөргөн. Кармалган 27 кишинин ичинен сегизи тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.
Прокуратура айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.
Дагы караңыз Кемпир-Абад иши: Акталгандар кимдер?Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстандын (Ош облусу, Өзгөн району) Өзбекстан менен чек ара тилкесинде жайгашкан. Өзбек тарап аны Анжиян суу сактагычы деп атайт.
Суу сактагыч Совет мезгили учурунда салынган. 1963-жылдын 15-мартында СССРдин Министрлер кеңешинин чечими бекитилип, курулуш иштери 1969-жылы башталган жана 1983-жылы соңуна чыккан. Объекттин курулушу Кыргызстандын аймагында мир нече миң гектар жердин (Өзгөн жана Кара-Суу райондорунан 5731 гектар) суу алдында калышына алып келген. Бул аянт суу сактагычтагы суунун 908-горизонталь деңгээлине туура келет. Өзбекстан, өз кезегинде, Анжиян жана Фергана облустарынан 4127 гектар жерди кенемте катары өткөрүп берген.
Кыргызстандын Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдулат Мырзаев соңку сүйлөшүүдө сууну 900-горизонталга түшүрүү менен Кемпир-Абаддагы суу каптаган жердин аянты 4485 гектарга чейин азайганын 2022-жылы 15-ноябрда парламенттин тармактык комитетинде билдирген.
Дагы караңыз Парламент кыргыз-өзбек чек арасына чекит койдуПрезидент Садыр Жапаров 2022-жылы 29-ноябрда “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө” келишимди жана “Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө” макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол койгон.
Аталган 302,29 км аралыктагы тилкелерди камтыган келишимге жана макулдашууга ошол жылы 3-ноябрда Бишкекте Кыргызстанга иш сапар менен келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кол коюшкан.
Аларды ратификациялоо маселеси Жогорку Кеңеште 17-ноябрда дароо үч окууда каралып, кабыл алынган. 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген.
Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Өзбек парламенти - Олий Мажлистин Сенаты келишим менен макулдашууну 18-ноябрда жактырган. Документке 100 сенатордун баары бир добуштан макул болушкан.
Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар – мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.