Финляндияга түшкөн эки дрондун чоо-жайы иликтенип жатат

Украин аскерлери дрон менен. Март, 2026-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Финляндиянын аймагына алгачкы жолу эки дрон түштү. Жергиликтүү бийликтер учкучсуз учактар украиндерге таандык болушу ыктымалдыгын айтышууда. Дрондор тууралуу Финляндиянын премьер-министри Петтери Орпо маалымдады. Анын сөзүнө караганда, күч кызматтары иликтөө жүргүзүп жатышат.

Финляндиянын Коргоо министрлиги жекшембинин таңында, 29-мартта өлкөнүн аймагында бир нече учуучу аппарат байкалганын билдирди. Дрондордун бири Коуволынын түндүк тарабына, дагы бири шаардын чыгыш тарабына түшкөн.

Yle жазгандай, фин премьер-министри дрондор украиндерге таандык болушу ыктымал деп божомолдоп жатат. Орпо учкучсуз учактар өзү кулаганын белгиледи. Ал жакында эле украин аскерлери Орусиянын Финляндия менен чектешкен аймактарын аткылашканын кошумчалады.

29-март күнү Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын Ленинград облусундагы мунай портуна сокку урганын маалымдаган. Орусиянын бийлиги аскерлер Ленинградда украин тараптын ондогон дрондору жок кылынганын билдирген.

Дагы караңыз

Орусия Украинага 400дөн ашуун дрон менен сокку урдуЫсык-Көлдө жол кырсыгынан алты адам мүрт кеттиЛенинграддагы Усть-Луга порту кайрадан дрон чабуулуна кабылдыАбдыкеримов Ташиевге жооп берип, маалыматтар текшериле баштаганын айттыУкраина: Краматорск шаарында Орусиянын чабуулу үч кишинин өмүрүн алды