Кара-Балтанын мурдагы мэри Мирлан Жекшенов үй камагына чыкты

Мирлан Жекшенов.

Жайыл райондук соту 5-мартта Кара-Балта шаарынын мурдагы мэри Мирлан Жекшеновду үй камагына чыгарганы белгилүү болду. Маалыматты “Азаттыкка” Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мирлан Жекшеновду 2025-жылдын жай айында кармаган. Атайын кызмат мэриянын кызмат адамдары өз кызыкчылыгын көздөп, Кытайдан чыгарылган 17 автобусту кымбат баада сатып алган деген айып койгон.

Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында автобустарды сатып алууда бюджетке 17 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени айтылган. Бул иш боюнча Кара-Балтанын мэри Мирлан Жекшенов, “Жол курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ага чейин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сом кандай пайдаланылганы териштирилип жатканын айткан.

Мирлан Жекшенов 2022-жылы июнда Кара-Балтанын мэри болуп дайындалып, кармалгандан кийин кызматтан алынган. Ал козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Майдан баштап электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттайт Украина: Краматорск шаарында Орусиянын чабуулу үч кишинин өмүрүн алды АКШ Орусиядан Кубага 100 миң тоннадай мунай тарткан танкерди өткөрдү Президенттин администрациясы Абдыкеримовдун кайрылуусун териштире баштадыОрусиянын Усть-Луга портунда жумушчулардын жапырт мушташында казак жарандары да кармалды Финляндияга түшкөн эки дрондун чоо-жайы иликтенип жатат Нарын шаарында жол кырсыгынан жубайлар ооруканага түштүОрусия Ростовдо украиналык дрон чабуулунан киши өмүрү кыйылганын билдирди Салык кызматы карызды банк эсептен алуу ыкмасы тууралуу түшүндүрмө бердиКыргызстанда беш жашка чейинки наристелердин 51% гана бала бакчага барат