УКМКнын Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси юстиция министринин орун басары болду

Сагынбек Самидин уулу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Сагынбек Самидин уулу юстиция министринин орун басары болуп дайындалды.

51 жаштагы Сагынбек Самидин уулу 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “Укук таануу” адистиги боюнча аяктаган. Юстиция министрлиги ал 25 жылдан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп келатканын билдирди. Юстициянын полковниги аскердик наамы бар.

Сагынбек Самидин уулу коомчулукка Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупция тууралуу журналисттерге кабар берип, 2019-жылы Стамбулда киши колдуу болгон уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин тергелиши жөнүндө маалымат берип келгени менен белгилүү.

Ал УКМКнын Тергөө башкармалыгында жетекчинин орун басары, башчы болуп иштеп турганда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук жана башка коррупцияга байланышкан иштердин иликтенишинин башында турган. Сагынбек Самидин уулу кызматтан 2021-жылы алынган. (BTo)

Дагы караңыз

Хегсет: Алдыдагы бир нече күн Ирандагы согушта чечүүчү болотЭкс-депутат Чыңгыз Айдарбеков ИИМде сурак бергени кабарланды Иран оппозициялык топко катышы бар эки кишини өлүм жазага тартканын билдирдиУкраина Орусиянын жапырт дрон соккусуна кабылганын билдирдиЖаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк боюнча түшүндүрмө берилдиСудьялар кеңеши Аламүдүн райондук сотунун судьясын жоопкерчиликке тартууга уруксат бердиАКШ Орусиядан Кубага 100 миң тоннадай мунай тарткан танкерди өткөрдү