Элвира Сурабалдиева мамлекетке алынган мүлктөр боюнча маалымат берилиши керектигин айтты

Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мамлекетке алган делген мүлктөр боюнча коомчулукка ачык маалымат берилиши керектигин айтты.

Ал парламенттин 1-апрелдеги жыйынында бул маселе боюнча президенттин администрациясы, УКМК жана Башкы прокуратура “арыздар каралып жатат” деген гана жалпы жоопту берип жатканын, так маалымат зарыл болуп турганын билдирди.

“Алынган мүлкү кайтарылабы, бул маселе каралабы-каралбайбы, соттун чечими жок эле алынган мүлктөр боюнча иштерди эмне кылабыз? Ушундай суроолор болуп жатат”, - деди ал.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеӊештин 11-марттагы жыйынында “акчасын, мүлкүн, бизнесин тарттырып жибергендер болсо кайра кайтарып бергиле” деген тапшырма бергенин, мамлекетке өткөн мүлктөр жылдын аягына чейин такталып бүтөрүн айткан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Атайын кызматтын башчысы алмашкандан кийин айрым ишкерлер убагында УКМКнын басым-кысымына кабылганын, бизнесин тарттырып жибергенин айтып чыгышкан.

УКМК Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

ИИМ Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шаирбек Ташиевди кармадыОрусия аннексиялап алган Крымда Ан-26 учагы кулап, 30 киши каза тапты Украина: Орусия Луцк жана Хмельницкий шаарларын аткылады Медербек Сатыев сотторго УКМКдан басым болбогонун айттыУКМК соцтармакта бийликти күч менен кулатууга чакырык жасаган шектүү кармалганын билдирдиЗеленский Орусия Донбасс боюнча жаңы талап коюп жатканын айттыТрамп "Иранга каршы операция 2-3 жумада аякташы мүмкүн экенин" айтты Депутат Култаева бийликти сөз эркиндигин сактоого чакырды