"Жетимиш бешчилердин каты" парламентке кантип жеткен? Маматалиев жарыялаган жаңы жагдай

Кыргызстанда соңку айлардагы саясий турмуштун кызышына себеп болгон “жетимиш бешчилердин катынын” парламентке келип түшүү жагдайын Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 2-апрелде айтып чыкты.

Спикердин айтымында, бул каттын айланасында парламентте териштирүү жүрүп, бир катар кызык жагдайлар белгилүү болгон.

Маматалиев президенттик шайлоону быйыл өткөрүүнү талап кылган кайрылууну Жогорку Кеңеште тезинен кароого кызыкдар адамдар болгонун кыйытты:

Марлен Маматалиев

“Менин тескемем менен комиссия түзүлүп, кагаз бул жакка (Жогорку Кеңешке) кантип келип, Конституциялык комитетке чейин жеткенин аныктап чыккан. Анын жыйынтыгы ИИМге берилип, тергөө иштеп жатат. Чын-чынына келгенде ал кат Жогорку Кеңешке келип-келе электе эле бул жактан күтүп, тосуп алышкан. Негизи кат депутатка болсо депутатка, төрагага болсо төрагага болуп өз жолу менен кетет. Бирок ал катты мурдагы төраганын жардамчылары колуна алып барып беришкен. Андан соң ал тиешелүү комитетке түшкөн”, - деди ал.

Буга чейин учурдагы президентке чакырык таштаган “жетимиш бешчилердин кайрылуусунун” парламенттеги тагдырына байланыштуу ар кандай маалыматтар айтылып келсе, спикер Марлен Маматалиев бул жолу ырастады.

Аталган кат катардагы кайрылуу эмес, алдын ала пландалган иш болгонун депутат Талант Мамытов айтып чыкканы болбосо коомчулукка ачык маалымат берилбей келген. Мамытов 26-февралда президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу парламентке түшүп, ал тармактык комитетке чейин жеткенин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айткан:

Талант Мамытов

“Кыргызстандын 75 жараны кайрылган. Анын ичинен көпчүлүгү аксакалдар. Бул парламентке келген (ред: кайрылуу) жана тиешелүү комитетке чейин жетип, кароо алдында турган. Албетте, анын жыйынтыгы кандай болмок бизге белгисиз. Кайрылуу келгенден кийин ошол кездеги төрага, тиешелүү тармактык комитеттин төрагасы тарабынан мыйзамдын талаптарына ылайык каралсын делген резолюция менен түшүрүлгөн. Конституциялык соттун чечими чыккандан кийин тиешелүү адамдарга соттун чечими менен жооп берилгенин мен билем”, - деген ал.

Талант Мамытов шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу маселени, конституциялык беренелерди Конституциялык сот гана чечмелеп бериши зарыл экенин айткан.

Эми Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бул окуяны расмий жарыялап, коомчулуктагы талкууга жем таштады.

Бул билдирүү менен кайрылууга байланыштуу окуялар кандай өнүгөт деген суроо турат.

Саясат талдоочу Эмил Жороев кайрылуунун өзүндө, анын парламентке жетишинде өөн эч нерсе жоктугун айтты. Ошол эле маалда анын артында кимдер турганы кызык экенин белгиледи:

Эмил Жороев

"Спикер Маматалиев мырза ага ушундай суроолор күн сайын берилип жатканынан улам жооп берди деп түшүндүм. Бул кат ошол кездеги спикерге жетип, андан ары комитетке жөнөтүлүптүр. Ошол комитетте каралышы күтүлүп жаткан экен. Бул каттын өзү бир катаал, радикалдуу кылмыш, кутум болгону тууралуу далилдер бар деп айтуудан алысмын. Каттын парламентке келип түшкөнү эле буга далил болуп бере албайт. Буга чейин бул каттын чоо-жайын депутат Талант Мамытов дагы айтып жаткан. Спикер баш болуп бир канча депутаттын мандатын тапшырып кеткени бул каттын артында кимдир бирөөлөр турганы, аракет, кутум тууралуу биз, коомчулук билбеген иштер бар экенинен кабар берет. Мунун баары тергөөдө аныкталышы керек. Каттын жазылышы, анын парламентке келиши эч нерсени далилдебейт. Андай кайрылуулар буга чейин деле түшүп келген. Ошол 75 адам деле жөн киши эмес, басымдуу бөлүгү жогорку саясий кызматтарда иштеп кеткендер. Бул катты буйрутма бергендер болгонбу, каттын артында башка максаттар болгон-болбогонун аныктоо бул өзүнчө тергелчү маселе".

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов төмөнкүдөй пикири менен бөлүштү:

Курманбек Осмонов

"Кандайдыр бир деңгээлде уюшулган иш деп айтсак, боолголосок болот. Анан жөндөн жөн эле 75 адам чогулуп, отура калып жаза койбосо керек. Сүйлөшүүлөр, өз ара кеңешүүлөр болсо керек. Эки достун тандеминин бузулганына ушул кат себеп болдубу же башкабы, айтор, азыр башаламан болуп кетпедиби. Ички саясатта ырааттуулук жок болуп, бөрк ал десе баш алган учурлар көбүрөөк кездешип, мыйзамдуулук сакталбай калды. Мыйзамдуулук сакталбаса нааразылык жаралат, ал президентке дагы жетет. Албетте, алар бир чара көрүшү керек болчу".

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдыразаков бул каттын жазылышын саясий таасир талаш менен байланыштырды:

Бейшенбек Абдыразаков

"Атайылап уюштурулуп жазылган кат экени анын стилинен эле байкалып турат. 75 адам деле жөн кишилер эмес, атайын тандалган, уюштурулган. Эгер комитетте каралса мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтмөк, балким, импичмент дагы жарыяланмак. Ошондой пландары болсо керек. Бийликти алмаштыруу, басып алуу биздин 30 жылдан берки оору болуп калды. Кимге бийлик керек болсо уюша калып, чогула калып көнүп калышкан. Бул дагы бир ошонун аракети болду. Аны Жогорку Кеңеш аркылуу ишке ашыруу планын түзүшсө керек. Албетте, саясий тандем ыдыраганы үчүн жазылды да. Өлкөнүн эгемен тарыхында тандемдер, тууган-уругу, дос-жааты менен башкарган учурлар болгон, анын баары эмне менен бүткөнүн билебиз да. Анын баары мамлекеттүүлүккө доо кетирген. Эң өкүнүчтүүсү - азыр деле ушунун баары сабак болбой жатканында. Бул бийликтегилерге, азыркыларга дагы, келечектегилерге дагы сабак болушу керек.

Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган.

Конституциялык сот 17-февралда президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун карап чыгып, президенттик шайлоо 2027-жылдын январында өтөт, Жапаров азыр бийликтеги биринчи мөөнөтүн иштеп жатат жана кийинки шайлоодо экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу деген бүтүм чыгарган.

Катка кол койгондордун бири, мурдагы вице-премьер министр Бекболот Талгарбеков анын максаты коомдогу президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу талаштарга чекит коюу экенин билдирген:

Бекболот Талгарбеков

“Мөөнөтү бүттү деп, бирөөлөр мөөнөтү бүтө элек” деп талаш-тартыш жүрүп жатат. Биздин пикирде бул өлкөбүздө туруксуздукту пайда кылганы жатат. Муну башка саясий күчтөр колдонуп, адатыбызча жазында митингдерди уюштурат деген чочулоо бар. Ошондуктан бийлик, тескерисинче, демилгени өз колуна алып, өздөрү чечип, июнь-июль айларына шайлоону дайындап койсо, талаш-тартыштарга чекит коюлат эле".

Мындан көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кайрылууда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду камакка алган.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийин берген маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Дагы караңыз

"75 кишинин каты" жана "Кыргызнефтегаз". Ташиев айыптоолорду каралоо деп атады

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.

Акыркы саясий окуялардын фонунда Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.

Мындай кадамын экс болуп калган депутаттар эч кандай түшүндүрүшкөн эмес.

Алардын айрымдарына мандатын тапшырган соң кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Бирок бул депутаттар дал ушул "жетимиш бешчилердин катына" кандайдыр бир байланышы бар болгону үчүн мандатын тапшырууга аргасыз болушканы саясий чөйрөдө айтылып келет.

Дагы караңыз

"Бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат". Жапаров депутаттарга кайрылды

"Жетимиш бешчилердин каты" деп аталган кайрылуудан кийин башталган саясий окуялар, ошентип, өнүгүп жатат. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан соң бийликке келген Жапаров-Ташиев тандеми аягына чыгып, кадрдык өзгөрүүлөр мамлекеттик тутумдун бардык тармагында болуп жатат.

Мындан сырткары өлкөдө бейрасмий экинчи адам аталган Камчыбек Ташиев жетектеп турганда УКМКдагы бир катар мыйзамсыз иштер боюнча даттануулар көбөйүп, алар текшерилерин президент убада кылды.

Ал эми Камчыбек Ташиев соңку окуяларды каралоо деп учкай айтканы менен кеңири комментарий берүүдөн карманып турат.