“Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупцияга шек саналып кармалган Байгазы Матисаков 16-майга чейин үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-апрелде кабыл алганын сөз болуп жаткан соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.
Маалымат боюнча, аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлууда. Айрым сайттар Байгазы Матисаков тергөө менен кызматташып, эркиндикке чыкканын жазышты.
ИИМ “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупцияга шек саналып төрт киши – “Кыргызнефтегаз” компаниясынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы (1983-жылы туулган Н.Н.), ишкананын төрагасынын мурдагы орун басары (1980-жылы туулган А.Р.), дагы бир компаниянын директору (1988-жылы туулган А.Н.) жана Байгазы Матисаков кармалганын билдирген. Биринчи май райондук соту 19-мартта аларды 16-майга чейин камакка алган.
Байгазы Матисаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни.
ИИМ Мамлекеттик салык кызматынын “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы жемкорлук схемалары тууралуу иликтөөсү жарыялангандан кийин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
16-мартта Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө чыгарган. Анда аталган мекеме мунай өндүрүп, сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы аракеттер аныкталганын, ал схемаларга атайын кызматтын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев башында турган туугандары, үй-бүлөсүнүн катышы бар экенин маалымдаган.
Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев 17-мартта Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө Салык кызматы тараткан маалыматтарды четке каккан.
ИИМ 1-апрелде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиевди “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык иштерге байланыштуу кармаган. Министрлик тергөөдө мунай ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин “Кыргыз Петролеум Компани” мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынганы аныкталганын, алдын ала эсеп боюнча мамлекетке келтирилген зыян 4,1 млрд сомдон ашканын кабарлаган. (BTo)