Жыргалаң курортунун аймагындагы жер тилкелерин сатуу боюнча экинчи аукцион өтөт

"Ала-Тоо резорт" курорту курулуучу аймак. (архив)

Ак-Суу районундагы "Ала-Тоо Резорт" ири курорттук зонасындагы жер тилкелерин сатуу боюнча экинчи аукцион өтөт. Сатуу auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасынын базасында болот.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, аукцион 8-10-апрель күндөрү өтөт, күн сайын 12ден лот коюлат.

Маалыматка ылайык, аукционго "Жыргалаң" курортунун курулуш зонасында туристтик жана инфратүзүм объектилерин камтыган 36 лот бар. Бул тилкелерде 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманкана, апартамент, этношаарча, ресторан, кафе жана башка коммерциялык объектилер курулат.

Жер тилкесин сатып алууну көздөгөн жарандар аукционго катышуу үчүн билдирме бериши керек, кепилдик төлөм төлөйт жана тек-жайын тастыктоочу документин көрсөтөт. Утпай калган учурда төлөм 10 иш күндүн ичинде кайтарылып берилет.

Мекеме-ишканалар белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн документтеринин көчүрмөлөрүн тапшырып, өкүлүн ишеним кат менен камсыздашы керек. Эгерде билдирмени талапкердин өкүлү берсе, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты көрсөтүүсү зарыл.

Документтерди санарип форматта "Түндүк" тиркемеси аркылуу да тапшырууга болот.

Министрликтин маалыматында ошондой эле жер тилкесин өздөштүрүү шарттарына жана улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша, комиссия инвестордун финансылык абалын, долбоордун туруктуулугун, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасын, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендигин тастыктаган кошумча документтерди, ошондой эле техникалык-экономикалык негиздемени же бизнес-планды талап кылууга укуктуу экени эскертилген.

Жыргалаң курортунун аймагындагы жер тилкелерин сатуу боюнча биринчи аукцион былтыр июль айында өткөрүлгөн. Анда 49 лоттун ичинен 14ү боюнча жеңүүчүлөр аныкталган. Алардын баары кыргызстандык ишкерлер.

"Ала-Тоо резорт" курортунун курулушу былтыр августта башталып, иш-чарага президент Садыр Жапаров катышкан.

Долбоордун алкагында 250 чакырымга жакын лыжа жолу, узундугу төрт чакырым аркан жолдору орнотулуп, этноайыл, ден соолукту чыңдоо борборлору, мейманканалар курулат. 5 миңге чейин туруктуу жумуш орду камсыз болуп, жылына 2 миллиондой турист кабыл алуу пландалууда.

Президенттин иш башкармалыгынын алдында түзүлгөн “Ала-Тоо резорт” ишканасы быйыл январдын аягында 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар ачык акционердик коом болуп кайра түзүлгөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Бишкекте жол тескөөчүгө орой мамиле жасаган спортчу кармалдыНарын дарыясына түшүп кеткен сегиз жашар бала изделүүдөДагестан: Суу ташкындан дамба жырылды, 800дөй үйдүн жашоочулары эвакуацияландыАзов деңизинде буудай тарткан кеме кыйрап, эки киши каза тапты Кытайдагы силкинүүнүн эпкини Алайдын Нура аймагында сезилдиCNN: АКШ Ирандагы согушта кеминде жети учагын жоготту УКМК терроризмге шектүү кишини кармаганын билдирди