"Кумтөр Голд Компани" былтыр 1,434 млрд доллар киреше тапканын жарыялады

Кумтөрдүн алтыны. (архив)

Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан “Кумтөр Голд Компани” ишканасы 2025-жылы 1 млрд 434 млн доллар киреше тапты. Анын ичинен 706 млн доллар таза пайда. Бул тууралуу аталган ишкана 9-апрелде билдирди.

Былтыркы жылы салыктарга жана милдеттүү төлөмдөргө 246 млн 507 миң доллар сарпталганы, дивиденд 300 млн доллар түзгөнү маалымдалды.

“Кумтөр Голд Компани” 2025-жылы 12 тонна 81 кг алтын өндүргөн.

Мындай көрсөткүчтөр, ишкана белгилегендей, "компаниянын туруктуу ишин жана өлкө экономикасына кошкон салымын көрсөтөт”.

Маалыматта ошондой эле эл аралык көз карандысыз Ernst&Young аудитордук компаниясы "Кумтөр Голд Компанинин" 2025-жылга финансылык отчетун текшерип, тастыктаганы кабарланды.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылы кенди толугу менен мамлекеттин колуна алган.

Быйыл февралдын соңунда “Ынтымак Ордодо” өткөн республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров 2021-жылдан бери кендин кирешеси көбөйүп, өлкө экономикасын алдыга сүрөп жатканын билдирген. Кен мамлекетке өткөндөн берки аралыкта өндүрүштөн түшкөн жалпы киреше 5 млрд 115 млн доллар же 440 млрд сомдон ашканын, бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 176 млн доллар же 100 млрд сомдон ашык акча түшкөнүн айткан.

2025-жылы өлкө боюнча 26 тонна алтын өндүрүлгөн болсо, анын 12 тоннадан ашыгы “Кумтөргө” таандык. Ошол эле маалда компаниянын алтын сатуудан тапкан акчалай кирешеси 2025-жылы 44% өскөн.(KbA/ZKo)

Дагы караңыз

Орус армиясы Запорожье жана Днепропетровск облустарына сокку урдуАКШ: Айдоочулук күбөлүк берүүчү жайдын жанынан борборазиялык 13 мигрант кармалдыКара-Суу районунда жетим балдарга үй курууга жер тилкелери берилди"Бакканыңарга рахмат деп жазыптыр". Алайда ок жеген жоокер эсине келе элек"Жарым айлык запас калды". Күйүүчү май кымбатташы мүмкүнНарын дарыясына түшүп кеткен эки баланын дайыны табыла элекЭки айда 4590 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды, бул былтыркыдан 44% көп