Кыргызстанда акыркы беш жылда электр энергиясын керектөө 25 пайыздан ашты. Расмий статистика боюнча, электр энергиясын керектөө 2020-жылда 15,4 млрд кВт саат болсо, 2025-жылдын аягында 19,3 млрд кВт саатка чейин жеткен. Министрлик электр жарыгын керектөөнүн көбөйүшүн акыркы жылдары өлкөдө экономикалык көрсөткүч жогору болгондугу менен байланыштырды.
Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев энергетика тармагындагы инвесторлор менен өткөргөн жыйында айтылганын Энергетика министрлиги кабарлады.
Мекеме электр энергиясын керектөө өскөнү менен жаңы генерациялык кубаттуулукту киргизүү темпи артта калып жатканын кошумчалады. Бакыт Төрөбаев эгерде өлкөдө электр жарыгын керектөө ушундай уланса 2030-жылга барып 25 млрд кВт саатка жетиши мүмкүн экенин айтты.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата Кыргызстанда 1 млн 585 миң абонент бар деп эсептелген. Анын ичинде 1 млн 472 миң 837 катардагы абонент 7,79 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот. 6,47 млрд кВт саат электр энергиясын өнөр жай ишканалары пайдаланат.
Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (BTo)