Ош шаарында 735 295 сомдук алимент өндүрүлдү

Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт

Башкы прокуратуранын алдындагы Сот аткаруучулар кызматынын Ош шаардык бөлүмү жергиликтүү жаранга 735 295 сом алимент толугу менен өндүрүлүп берилди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, карызкор эки баланы багуу үчүн айлык кирешесинин 1/3 бөлүгүн алимент катары төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Бирок милдетин аткарбай, Кыргызстандан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланып, алимент карызы бар экени тууралуу бир нече жолу эскертүүлөр берилген.

"Жүргүзүлгөн мажбурлап аткаруу чараларынын натыйжасында 13-апрелде карызкор алимент боюнча карызды толугу менен төлөп берди", - деп билдирди Сот аткаруучулар кызматы.

8-апрель күнү Өзгөндө балдарынын алиментин төлөбөй жүргөн жаран сот чечими менен бир жылга эркиндигинен ажыратылган. Сот аткаруучулар кызматы анын алимент карызы 279 180 сомду түзгөнүн, бир нече жолку эскертүүлөргө карабай, ал жарандык жоопкерчилигин аткарбаганы үчүн иши сотко ашырылганын билдирген.

Сот чечими менен жашы жете элек балдарына алимент төлөөгө милдеттендирилип, бирок аны аткарбай жүргөн жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси ("Ата-эненин балдарды багуудан качуусу") менен жоопкерчиликке тартылат.

Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда алимент төлөбөгөн 1204 кишиге издөө жарыяланган. Ал эми алиментке байланыштуу жалпы 60 миң 720 иш өндүрүшкө алынган.

Алимент төлөбөгөн жарандарды сот аркылуу эркинен ажыратуу тажрыйбасы Кыргызстанда 2026-жылдан тартып ишке аша баштады. Буга чейин Баткен облусунун, Манас шаарынын, Сузак районунун тургундары кесилип, сот залынан камакка алынышкан.

Ошондой эле 400-500 миң сомдон 1 миллион сомго чейинки алимент карызы бар жарандардан каражат өндүрүлгөнү маалымдалган. Өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөй турганы расмий айтылган. (ZКo)

Дагы караңыз

Айдарбековго айып тагылды, экс-министр кинени четке какты Жакынкы Чыгыш: Кытайдын "согуш дипломатиясы", Лавровдун Бээжин сапары ТикТокту ачуу талабы парламентте айтылдыДепутат интернат тарбиячысынын маянасын көбөйтүүнү сурадыКамчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кеттиГермания менен Украина 4 млрд евролук коргонуу келишимин түзүштү