Өтө оор кылмыштарга шек саналып кармалып, кийин тергөө абагында каза болгон Кумарбек Абдыровдун мурдагы ишин караган үч экс-судья Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаеванын кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өттү.
27-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алдын ала угуу болуп, 10-апрелде биринчи отурум болгон. 17-апрелде кезектеги соттук отурум өтөт.
Аларды Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2025-жылы 25-ноябрда кармаган. Министрликтин маалыматына караганда, Кумарбек Абдыров 2015-жылы 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен кармалып, Бишкектин Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. 2016-жылы экинчи инстанция - Бишкек шаардык сотунун ошол кездеги судьялары Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаева Жазык-процессуалдык кодексти бузуп, жаза мөөнөтүн жеңилдеткен деген кине коюлган. Жыйынтыгында, Кумарбек Абдыров үч жылдан кийин абактан чыккан.
ИИМ экс-судьялар шектүүнүн жазасын жеңилдетүүдө анын жакындарынан акча алган жана ага прокурор менен адвокат ортомчу болгон деп эсептейт. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылган.
Мурдагы судьялар коюлуп жаткан айыпты четке кагып, 2016-жылы чыккан өкүмгө бир да тарап каршы болуп кийинки инстанцияга кайрылбаганын, ишти кароодо жабырлануучу тосмо арыз жазып бергенин айтышкан.
17 жаштагы Айсулуу Мукашева былтыр 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ички иштер министрлигинин маалыматында, аны Барскоон айылында 41 жаштагы Кумарбек Абдыров Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, көл жээгиндеги алма бакта, андан кийин Жеңиш айылындагы атасынын үйүндө зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын сыртындагы көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Бишкекке баратып Боом капчыгайына ыргытып жиберген.
Милиция Кумарбек Абдыров бир нече жыл бою кыздарды зордуктап өлтүрүп жүргөнүн, жалпы 7 кылмыш боюнча шек саналып жатканын билдирген. Шектүү 2014-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылынан сөөгү табылган Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө да тиешеси бар экенин айткан.
Кумарбек Абдыров ушул жылдын февраль айында Бишкектеги №1 тергөө абагында асынып каза болгон. (BTo)