Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

21-апрелде түнкүсүн Баткен облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 17…22.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Дагы караңыз

Мухтар Шахановдун кашкөйлүгү, Желтоксон окуясыЭлдар Жакыпбеков жана УКМКнын мурдагы тергөөчүсүнүн камактагы мөөнөтү узардыПрезиденттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү Жамалдинов эки айга камалдыКыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 24 ардагери калдыЖакынкы Чыгыш: Ормуз жабык, Иран Пакистандагы сүйлөшүүлөргө катышпайт