Саммитке байланыштуу быйыл жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жаңы окуу жылы 1-сентябрда эмес 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт. Бул тууралуу 27-апрелде Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын сөзүнө караганда, бул 31-август, 1-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине байланыштуу.

2001-жылы ШКУну Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан терроризм, экстремизм, сепаратизм, наркотрафик менен күрөшүүчү уюм катары негиздеген. Кийин уюмдун катарына Индия, Пакистан, Иран жана Беларус кошулуп ШКУга кирген мамлекеттердин саны онго жетти. Андан тышкары Ооганстан, Монголия байкоочу макамына ээ. (BTo)

Дагы караңыз

Баткенде жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду1-апрелден тартып социалдык кызматкерлердин да айлыгы көбөйдүСаратовдогу абак ооруканасында чыккынчылык үчүн соттолгон адам көз жумдуКөк-бөрү федерациясынын президенти кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыИлим Карыпбековго Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салындыТрамп Уиткофф менен Кушнер Исламабадга барбай калганын билдирди АКШ мамдепартаменти: Өзөктүк энергетика ишеничтүү колдо болушу керек