Кыргызстан быйыл коңшу өлкөлөрдөн 4 млрд кВт саат электр энергиясын сатып алат

"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 2026-жылы коңшу өлкөлөрдөн 4 млрд кВт саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков парламенттин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин 27-апрелдеги жыйынында айтты.

Анын сөзүнө ылайык, бул жылы өлкө 19,6 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот деп эсептелген. Анын ичинен 15,7 млрд кВт саатты Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы менен жабат деп күтүлүүдө.

“ГЭСтерден 11,6 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө. Бишкек Жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) 2,3 млрд кВт саат, чакан ГЭСтер менен кайра жаралуучу энергия булактарынан 2 млрд кВт саат электр жарыгын өндүрөбүз деп пландаштырып жатабыз”, - деди ал.

Өмүрбек Жеңишбеков Кыргызстан электр энергиясын так кайсыл мамлекеттерден сатып аларын тактаган жок.

Буга чейин белгилүү болгондой Кыргызстанда акыркы беш жылда электр энергиясын керектөө 25 пайыздан ашты. Расмий статистика боюнча, электр энергиясын керектөө 2020-жылда 15,4 млрд кВт саат болсо, 2025-жылдын аягында 19,3 млрд кВт саатка чейин жеткен.

Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (BTo)

Дагы караңыз

Кендирбаева мугалимдердин айлыгы бирдей жогорулаганын айттыӨкмөттө эл аралык санкцияларга байланыштуу кеңешме өттүПрезидент Жапаров жакындары жеке бизнес менен гана алектенерин билдирдиПрезидент Жапаров Шаирбек Ташиев күнөөсүн мойнуна алганын айттыАКШдагы иш-чара маалында ок атуу болгону кабарланып, Трамп баштаган бийлик өкүлдөрү эвакуацияланды Орусия Украинага 144 дрон менен чабуул койду. Одессанын портуна зыян келтирилди Садыр Жапаров Ташиевдин “75чилерге” тиешеси бар-жогун тергөө аныктай турганын айттыСаммитке байланыштуу быйыл жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталатБаткенде жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду1-апрелден тартып социалдык кызматкерлердин да айлыгы көбөйдүСаратовдогу абак ооруканасында чыккынчылык үчүн соттолгон адам көз жумдуКөк-бөрү федерациясынын президенти кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыИлим Карыпбековго Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынды