Путин Кыргыз-орус славян университетинин жаңы кампусун куруу келишимине кол койду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин. 23-апрель, 2026-жыл. Москва

Орусиянын президенти Владимир Путин Борис Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинин жаңы кампусун куруу боюнча Кыргызстан менен түзүлгөн келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык, орус тарап кампусту курууну жана материалдык-техникалык жактан жабдуу милдетин алат.

Университеттин жаңы кампусун куруу боюнча макулдашууга Владмир Путиндин 2023-жылы Бишкекке сапары учурунда жетишилген.

Кыргызстан Байтиктен 30 гектар жер бөлүп берип, инфратүзүмүнө байланыштуу маселелерди чечип бериши керек.

Апрель айында “Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинин кампусу боюнча келишимди ратификациялоо” мыйзам долбоору Орусиянын Мамлекеттик думасында каралып жатканда айрым орус депутаттары буга каршы болуп, Кыргызстанда орус тилине каршы иштер жасалып жатканын айтып чыгышкан.

Кыргыз-орус славян университети 1993-жылы түзүлгөн. Ага кийин Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин аты берилген. Алгач сапаттуу билим берери айтылып келген окуу жайга байланыштуу соңку жылдарда бир топ жаңжалдар болгон.

2025-жылы отуздай студенти окуу жайдын кабыл алуу процессиндеги мүчүлүштүктөрдөн улам бир жыл билим алгандан кийин чыгарылып калганын айтып чыгышкан. Окуу жайдын жаңы жетекчилиги аларды окууга “мыйзамсыз кирген” деп күнөөлөгөн.

2025-жылы университетинин ректору болуп Сергей Волков шайланган. Ошондой эле бул окуу жайда Камкорчулар кеңеши түзүлүп, анын төрагалыгына УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев бекитилгени белгилүү болгон. Анын орун басарлыгына Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков тандалган. (BTo)

Дагы караңыз

Иранда түрмөдө отурган Наргиз Мохаммади ооруканага которулдуБаткен районунда селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяландыБаткендин сел жүргөн айылдарынан 149 адам эвакуация болдуИИМ Ысык-Көлдө браконьерлик кескин азайганын билдирдиПольшада тыңчылыкка айыпталган казакстандык дипломат бошотулдуИран Пакистанга АКШ менен сүйлөшүүнүн жаңы планын сунуштадыАмангелдиев санкцияга тиешеси бар компаниялардын каттоосу жокко чыгарыларын айттыЭкс-депутат Сатыбалдиев коомдук жайда тамеки чеккени үчүн айыпка жыгылды